Бийликке акылынын жетишинче, колунун келишинче кошомат кылып, экс-президент Алмазбек Атамбаевди «жерден алып көргө, көрдөн алып жерге салып» болушунча жамандап ээси оогон Эмилбек Каптагаев жакын арада «көлдөлөң» болуп төшөлгөн кызматынын урматына «устукан» алганы турат. Ак үйдөгү айрым маалыматтарга караганда Ош облусунун эки тизгин, бир чылбыры тиери кеп болуп жатат. Жагынып жатып тили катып, таңдайы кургап калмай болду эле. Акыбети кайтат окшойт. Айткандай, Ош облусунун азыркы башчысы Узарбек Жылкыбаевди кадр кызматына алып келгени жатышыптыр…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ