Казакстанда өкмөт жыйынында ички иштер министри Калмуханбет Касымов калкты жашаган жери боюнча каттоо маселесинин тегерегинде жаралган дүрбөлөңгө байланыштуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, 7-9-январь күндөрү убактылуу же туруктуу жашаган жери боюнча каттоого тургандардын саны 40 миң адамды түздү. Алардын ичинен 19 миңи убактылуу каттоого турду.
Казакстан премьер-министри Бакытжан Сагинтаев калкты тейлөө борборлорундагы узун кезек жөнүндө айтып жатып, элге каттоо процедуралары боюнча маалымат кеч берилгенин белгиледи.
Ички иштер министрлиги түшүндүрүү иштерин калкты тейлөө борборлорунда жүргүзүүнү пландап жатат. Алгачкы бир ай жаңы тартипке баш ийбегендерге эскертүү берилет.
Ички миграцияны көзөмөлдөө үчүн ай башында Казакстанда “экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, каттоосу жок жарандарга ири өлчөмдөгү айыппул салынат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ