Menu

ПРЕЗИДЕНТТИН КАТЧЫСЫ… же Фарит Ниязов менен Алмаз Үсөновдун эң ишенимдүү шакирти Толгонай Стамалиеванын ишмердүүлүгү туурасында учкай кеп

Бөлүшүү:

Чындыгында, Алмаз Атамбаевдин көзгө басар адамы, бир кездеги басма сөз катчысы, убагында президенттик администрациянын аппарат башчысы болгон Алмаз Үсөновдун “карачечекей кадры” Толгонай Стамалиева болгонун өзү деле танып кете албастыр. А. Үсөнов менен Т. Стамалиеванын киндиктери туташтай, азыр деле алар Атамбаевдин командасында бирге иштеп жаткандай сезилип кетет. Анткени, А. Үсөнов менен Т. Стамалиева бир кезде экс-президент К. Бакиевдин басма сөз кызматында чогуу иштегени журналисттерге маалым. Азыр деле ымалалары жаман эместир. Кээде Толгонай айымдын мурунку үзөңгүлөш байкелери менен кафе, ресторандарда “жашыруун” жолуга калып жүргөнүн көрүп калып жүрөбүз. Менимче азыр деле алардын байланыштары үзүлө элек болсо керек. Атамбаевдин “эски кадрлары” маалымат алышып жаткандыр деген гана ой кетет экен. Канткен күндө да пендебиз да. Балким, “Троя” көркөм тасмасындагыдай азыркы бийликте өз адамы бир милдет менен жүргөндүр. Ошондон болсо керек, Атамбаевдик “Вечерний Бишкек”, “Апрель” ТВсы, “5-канал”, ”Фабула”, “Багыт” ж. б. “АКИпресс” сыяктуу электрондук сайттар, массалык каражаттары С. Жээнбековду каралап келишсе да Толгонай айым, аларга батынып сын айтууга даабай тургансыйт. Атамбаев бийлигинин акыл көрөгөч, интриганы Фаритти бекер жеринен Суслов деп коюшпайт. Бузукулук, былгытма интрига кылуу жагынан бир кездеги оорукчан Брежневдин башкы идеологу Сусловго окшошуп кетет. Фарит Ниязов менен Алмаз Үсөновдор Толгонай Стамалиеваны “торпок кезинде” сүзүп койгондуктанбы аларга каршы сөз айтууга кудурети жетпей келгени ачуу чындык. Кандай болгон күндө да Атамбаевдин колунда күчтүү ММКларды, белдүү журналисттерди өзүнө тартып, олчойгон акчаларды берип күндөн-күнгө күч алууда. Ал эми Толгонай Стамалиева иштин көзүн билбегендиктен өзүнө союздаш ММКлардан команда түзүп, Атамбаевдин командасына каршы туруштук берип, иштей албай жатканы өкүндүрөт. Ошон үчүнбү, Толгонай айым эч качан өз устаттары Фарит менен Алмазга каршы басма сөз беттеринде согуш ачып, пикирин айтууга батына албай, мажирөөлүгүн көрсөтүп турганын түшүнсө да болот. Балким эски босттору аркылуу Жээнбековду өтө эле мактабай, орточо алып бар деген буйрук алгандай кашаң иштеп жатат. Президент Жээнбековго өтө күйүп иштебегени көрүнүп турат. Стамалиева ушул даражага жеткирген, өз “устаттарына” даап, кантип сындай алмак эле. Андайга бул айымдын духу да жетпейт эмеспи. Стамалиеваны да өз устаттарындай эле өмүрүндө басма сөз айдыңында маңдай тер төгүп эл оозуна алынган күчтүү журналист катары эч ким эсептебейт. Ачыгын айтканда, өз ишинин майын чыгара иштеген профессионалы деген сөзгө Стамалиева али татыктуу боло элек деп ачык эле айтсак жарашат. Элдин эсинде калган бир да макаласы жок. Өмүр баянын барактап окусаң Жогорку Кеңеш, БШК, “Манас” аэропорту, ж. б. жерлерде кыска мөөнөттөн гана тийип-качып басма сөз катчылык кызматтарында гана иштептир. Жогорку Кеңеште да жыргатып иштебегенин депутаттар да сөз кылып калышат. Стамалиевадан кийин келген Жогорку Кеңештин азыркы басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу парламенттин радиосу, телесинде депутаттардын ишин чагылдырууну оңдоп, жолго салып, өзүнүн профессионал экендигин көрсөтүп койду. Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы, өлкөнүн президенти болуп келгенден бери Толгонай Стамалиева анын басма сөз катчысы болуп иштеп келет. Толгонай “Де-Факто” гезитине берген маегинде (№ -6 (359) 16-февраль, 2018-жыл.)“Толгонай Стамалиева эгемен өлкөбүздөгү президенттин маалымат катчысы болуп дайындалып жаткан биринчи айым болуп эсептелинет,”-деп өзүн мактаттырып жаздырганы да туура эмес. Анткени, мурдагы өлкө башчысы К. Бакиевдин убагында Клара Кабилова аялзатынан биринчи болуп чыккан, президенттин маалымат катчысы экенин айтып койгонубуз оң го. Чындыгы ушундай эмеспи. Азыркы күндө Жогорку Кеңештин депутаты болуп келди.

Президенттин басма сөз катчысы “Де-факто” гезитиндеги өз маегинде, “Коомчулук көбүнчөсү саясатчыны иши аркылуу эмес, кооз сөзү аркылуу баалайт деген жеке пикирим бар. Ушул өңүттөн алып караганда Сооронбай Жээнбеков ММКлар менен ошол стереотиптен башкачараак иш алып барат…”- деп жазганына таң каласың. Толгонай айым, президентти кооз сүйлөтүп аны КТРге байма-бай алып чыккыла деген эч ким жок. Болгону, өлкө башчысы Сооронбай Шариповичтин тамырлашып кеткен коррупциялык көрүнүшкө, чиновниктердин жемкорлукка батып кеткенине ачык согуш ачканын, “Региондорду өнүктүрүү” деген президенттин программасын жакшы чагылдыра албай жатат. Акыркы кезде, эл оозуна алынып жасап жаткан иштеринин жемиштери туурасында элибизге дурустап чагылдырып, президентке “информациялык согушта” жакындан жардам берсе экен деген гана сөздү айткыла деп жатабыз. Өткөндө Атамбаевдик “Апрель” ТВсы экс-премьер-министр Сапар Исаковду байдын кызындай аябай мактап, анын рейтингин жогорулатып, президент С. Жээнбековдун рейтингин төмөнүрөөк кылып көрсөттү. Бул атайын жасалган “диверсиялык” иш деп айткым келет.

Президент болгонуна кыска убакыт болсо да С. Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүүдө элдин алкоосуна алынып турган учуру. Бирок, президенттин басма сөз кызматынын башчысы “ажыдар президент” менен ММК беттеринде күрөшүүдөгү ийгиликтери элге жетпей жаткансыйт. Бийликке караштуу КТР, ЭлТР, “Кыргыз Туусу”, “Эркин-Тоо”, “Кабар” ж. б. өкмөттүк ММКда президенттин жасаган иштерин элге жеткиликтүү жеткире албай жатканы ачуу чындык. Бул кемчилигин Стамалиева да моюнга алышы керек. Кесиптештерим таарынбасын. Өзгөчө, өкмөттүк ММКда иштеген калемдештерим Атамбаев такка кайрадан келип калчудай артка кылчактап “күтүү” сезиминен чыга албай отурушат. Убагында Аскар Акаевдин жасаган реформаларын элге терең жеткирүүдө басма сөз катчылары Каныбек Иманалиев, Абдил Сегизбаевдер, “Кыргыз Туусунун” ошол кездеги башкы редактору Абдиламит Матисаков президент Акаевдин иштерин абдан жигердүү чагылдырып турушканы менен элдин эсинде калышты. Басма сөз катчысы, ким Акаевге тийишсе, ал тургай оппозиция өкүлдөрүнүн терисин сыйрыша турган. Ал кезде оппозиция да күчтүү болчу. Азырынча, С. Жээнбековго каршы А. Мадумаровдон башка оппозиция деле жокко эсе. Мадумаров деле өз элине душманчылыгы жок, кызматтын майын чыгара иштеп бере турган учуру. Адахан мырзадай иш билги, коррупцияга аралашпаган колу таза адамдар Жээнбековго бүгүн керек, өзүнө тартса болот болчу. Мадумаров канча сындаса да С. Жээнбеков “Оппозицияда жүргөндөрдүн арасында мамлекетти, элди ойлогону Мадумаров гана…”-деп айткан болчу. Мадумаровдун Жеңиш Раззаковго окшогондорго караганда “пилдей” саясый салмагы бар эмеспи. Бирок, Мадумаровдун айланасына бирин-серин оппозиция башчыларынын баштары бириге баштады. Жээнбековго күчтүү команда керек эле. “Хоп, майли…”-деп калп эле ийилген кошоматчылар эмес, бетке айткан адамдар да президентке керек. Жакында оппозициядагылар канатын кенен жайып, башы биригип өзүнчө чоң күчкө айланып кирет деген маалыматтар да эл арасында көп айтыла баштады. Оппозициянын башын бириктире турган адам, көмүскөдө жатып алып өз элине дагы бир жолу кыянатчылык кылгысы келген Атамбаев жана анын командасы болот деген кептер тароодо. Атамбаевдин командасы күтүрөгөн күздө, ак төөнүн карды жарылган токчулук, арзанчылык болуп эл тоюнуп калган кезде балакетти баштайт экен деген эле имиштер көбөйүп кетти. Акаев менен Бакиевдин учурунда төңкөрүш жакында болот экен дегенде ошол президенттер да ишенишкен эмес. Аягы эмне менен бүткөнүн билесиздер. Алардын башкы максаты, илгери ата-бабаларыбыз Коконду чапкандай, Армениядагы азыркы өкмөт башчысы Пашаняндын же Египеттеги Мурсини президенттик тактыдан кетиргендей планын колдоно турганы ачык айтылууда. Биз качан элди, мамлекетти ойлойбуз? Азыркы президенттин экс-досу, жана анын командасы ак үйдүн алдына жыйырма, отуз миңдей адамды катар тизип, Жээнбековду айласы жок “хан ордону” таштап кетүүгө мажбур кыла турган “Барбарос” планы азыртан эле айтылууда. Жээнбеков мурдагы президенттин айланасындагы жемкор ууруларды четинен камаган сайын Атамбаевде уйку жок. Анткени, Атамбаев түн уйкусунан чочуп ойгонуп, мезгилдин өкүмү өзүнө жакын калганын сезип жатат. Атамбаев чыныгы элдик лидер болгондо “Сооронбай досум, коррупция менен күрөшүп жатканыңды көрүп ыраазы болдум. Мен сенден жаңылбаптырмын!”-деп айтса жарашмак. Бирок андай болгон жок. Атамбаевдин бийлик кумары, өтө кекчилдиги анын акчасы менен бийликти алып коюууга кудурети жетет. Ушул Атамбаевге керекпи? Өзү камалып кеткенден коркуп ушундай кадамга барышы да мүмкүн. Андан да Атамбаев бүгүнкү күндө ага караштуу, алар каржылаган ММКларды эске алганда ал медиа магнат экенин унутпайлы. Менчик ТВсы, гезиттеринин жардамы менен Италиянын бийлик башына премьер-министр Берлускони бир канча ирет келгенин эстеп койгонубуз оң го. Кыргыз эли эки жолку мамлекеттик төңкөрүштөн деле акылына келе элек. Оппозиция элибиздин ортоңку катмарынын жукаргандан-жукарып бараткан колуна беш-он миң сом беришсе кайрадан эле аянтка чыгары белгилүү. Элибиз деле өткөндөн сабак алышкан жок. Бакиев электр жарыгынын баасын көтөргөнү жатат деп бакырган Атамбаевдин балдары өздөрү электр энергиясын өндүрүп койгонсуп, элге сатып жатканы калппы? Мына биз 2 сом 70 тыйындан төлөп келебиз. Атамбаевдин убагында “ТЭЦтеги” авария, “Датка-Кемин” электр чубалгысы, Чолпон-Атадагы ат майданы, Тарых музейи, Ош-Бишкек алтернативалык жолу, «Манас» аба майданындагы көптөгөн адамдардын өмүрүн кыйган кырсыктагы сырдуу жүктүн ээси ким? Бул бүгүнкү күндөгү мезгилдин суроосу. Элибиздин казынасын уурдагандарды Ала-Тоо аянтына алып чыгып, жалпы элдин көзүнчө атыш керек! Ансыз чиновниктердин уурдаганы калбайт. Атамбаев өзү таза болгондо анын бийлиги мынчалык коррупцияга сары чырмооктой чырмалып калбайт эле. Кан менен болсо да бийликти алууда Атамбаевдин бай тажрыйбасы бар. Экс-президент камалып, түрмөгө отуруп калбашы үчүн, ар кандай ыплас кадамдарга бара турган инсан экени белгилүү. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн тикелей туруп бере турган ишенимдүү командасы жок! Бул ачуу чындык. Ар бир “ашарчы” партиялардан турган министрлер кабинетине элдин, мамлекеттин тагдырын ишенип берүүгө болобу? Албетте жок. Ачыгын айтканда Сооронбай Жээнбеков айласыз ошондой кадамга барды, азыркы күндө президент жетинчи кабатта жалгыздай көрүнөт. Бирок, Адахан Мадумаров айткандай жаңы президент күчтүү команда түзө албады. Анын да себеби бар болчу. Буга Атамбаевдик команданын коррупцияга аралаштыгы бар, жарым “криминал“ ошондой эле “олигархтардан” куралган парламент мүчөлөрү менен таза коомду куруу президент Жээнбеков үчүн мүмкүн эмес. Ал абсурд нерсе. Парламенттеги өз кызыкчылыгынан башканы көрө албаган, башына коркунуч келгенде куйругун үзө коюп качып кеткен “кескелдирик” депутаттар өздөрүн сактап калыш үчүн Сапар Исаковду өкмөт башчылыгынан кетирип аны садагага чаап беришти. Азыркы кызматка келгендердин көпчүлүгүнүн көчүгүндө калбырлары бар экенин эл деле жакшы билишет. Атамбаев да өзү тизмелеп түзгөн ушул парламентке ишенген эле. Атамбаевдин бал тилине кирип, кыр көрсөткөн Сапар Исаков менен Жээнбеков президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин эриш-аркак иштей албайт болчу. Парламенттеги депутаттар да учурдан пайдаланып өз адамдарын министрлик кызматтарга коюп, азыркы бийлик менен соодалашууга айласыздан макул болушту. Канткен күндө да тымызын тирешүү, Атамбаевдин бал тилине алданып президент Жээнбековго кыр көрсөткөн Сапар Исаковдун өзүн кызматтан кетирип тынды. Азыркы парламенттеги өз фирмаларынын кызыкчылыгы үчүн гана жашаган “олигарх” депутаттар бар. Алар, азыркы күндө өз атасы Атамбаевди саткан Павлик Морозов менен Кычан Жакыповго окшошкон “чыккынчылык” менен жан баккан кээ бир депутаттар чыныгы жүзүн көрсөтүштү.

Аларда ыйык нерсе жок экенин элибиз деле билип болду. Андай депутаттар өз кызыкчылыгы менен гана жашаган пенделер эмеспи. Парламенттеги депутаттар бүгүн Атамбаевди сатышса, эртең өз кызыкчылыктары үчүн С. Жээнбековду сатары бышык. Бизде андай нерселер көнүмүш адатка, салтка айланып калганы өкүндүрөт. Кандай болгон күндө да, президент Жээнбеков үчүн бул убактылуу болсо да чоң жеңиш болчу. Анткени, азыркы парламентте отурган депутаттар толук кандуу Атамбаевдики деп айтсак да болот эле. Парламенттик шайлоо алдында ар-бир партиянын тизмелерин, лидеринин көзүнчө Атамбаев ручка менен чийип, кимди өткөрүш же өткөрбөө керектигин өзү чечкени белгилүү. Мисалы, кыргыздын мыкты жигити, Баткендин кулуну Улукбек Кочкоров жана башка өзүнө ыңгайсыз адамдарды Атамбаев парламенттик шайлоого жеткирбей, тизмеден алып койгону белгилүү. Бүгүнкү күндө Жээнбековго өтө кыйын болуп жатат. Толук кандуу коррупцияны түп тамыры менен жок кылуу үчүн Сооронбай Жээнбеков таза адамдардан күчтүү команда түзүүсү керек. Президентке жан үрөп, иштеп бере турган толук кандуу командасы жок. Көпчүлүк кадрлар дагы деле Атамбаевди чоң саясатка келип калабы деп ачыкка чыга албай, анын келишин күтүп отурушат. Атамбаевдин бийликтен кеткен командасы уктап жаткан жок. Алар жаралуу арстандай өз мегилин, өз саатын, кек алчу убактысын күтүп жатууда. Кызматтан кеткен белдүү саясатчылар, ошондой эле өтө бай жаш “олигархтардан” турган Атамбаевге берилген командасы Жээнбековго тиштерин кайрап турушат. Бир кезде “Улуу урматтуу, улуу даражалуу президент!”- деп кайрылган Акылбек Жапаров азыр Бакиевди эстейби! Албетте жок! Азыр деле Жээнбековдун командасына келип иштемиш болгондор эртең эле сатып кетишсе таң калууга болбойт.

Азыр деле “жеңесинин” чачпагын көтөрүп, ага “кошелёк” болуп жүргөн кээ бир депутаттар “кызмат кылган адамдар камалып, жогору жактагылар жоопсуз кала береби?” деп ыйлактап отурган кээ бир депутаттар өз ажосун сатууга даяр экенин билдире баштады. Атамбаев өтө кекчил, канчалаган адамдардын каны менен болсо да бийликке келген адам катары баарыбызга белгилүү. Анын бүгүнкү күндө Арашандагы үйүндө тынч уктап жатканына эч качан ишенип болбойт. Алмаз Атамбаев өзүнөн кийин көпүрөнү өрттөп кете турган адам экенин унутпайлы. Азыркы күндө, бийликтен кеткен “атамбаевчилер” президент Жээнбековду да Египетке кыска мөөнөткө президент болгон Мурсинин тагдыры күтүп турат деп эл арасында ушакты өтө ишенимдүү таратууда. Карапайым эл, ак үй, көк үйдөгү чиновниктер да ошол имиштерге ишенип, күркүрөгөн күздөгү бийликтин чыңалуусун күтүүдө.

Чындыгында буга чейинки прзиденттердин бири да Сооронбай Жээнбековдой калың журтубуздун ишенимине кирип, элдин байлыгын уурдаган, мамлекеттик казынага кол салган, өз элин тоногон коррупционерлердин чыныгы жүзүн ачып, билек түрүнө ачык күрөшө алышкан эмес. Бул жагынан Сооронбай Жээнбековдун чечкиндүү кадамына баа берсек болот. Коррупция менен күрөшүүгө Жээнбековдун эрки жетти. Арчанын тамырындай тереңге кирип кеткен жемкорлукту, коррупционер деген элибиздин ырыскысын жеген чиновниктерди дагы эл алдына чыгаруу керек. Башында, Жээнбеков мындай чечкиндүүлүккө бара албайт деген элдин арасындагы күмөн санаган адамдар азыр унчукпай калышты. Бекер жеринен президент Жээнбеков “Бир тууганбы, доспу-эч нерсеге карабайм. Бардыгы жооп берет”- деп айткан учкул сөзү менен бийликтен үмүтү үзүлгөн элдин жүрөгүнөн орун алып, өзүнө бура албады. Казган сайын былыгы чыга баштаган Атамбаевчилер жакасын карманышып, коргоно башташты. Бирок, Атамбаев менен Сегизбаевдерге таандык “Багыт” гезитине (№ 15 (97) шаршемби 9-май, 2018-жыл) «Жээнбековдордун канча гектар жери бар?»- деген чакан макала чыккан. Эң таң калыштуусу, президент С. Жээнбековду сындап жаткан “Багыт” гезитине “Мегаком” реклама берип жатканында. Бул гезитти “Мегаком” каржылык жактан каржылап келген деген сөздүн чындыгы эмеспи. Башка гезиттерге рекламасын бербеген “Мегаком” кантип берип калды деп башың катат. Ошол гезит бетинде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго жан тартышкандай болушуп, ал эми Сооронбай Жээнбеков туурасында “Мисалы, учурда Сооронбай Жээнбековдун жер жайнаган байлыгы жок дегендер эмнеге анын гектарлаган жерлери жөнүндө айтышпайт? Алсак, президент өз деклорациясында 48,04 гектар жерге, ал эми туугандары 10 гектарга ээлик кылаары көрсөтүлгөн. Мына, жер жайнаган Жээнбековдордун үй-бүлөсү эле 60 гектарга жакын аянтты басып отурушат.” деп автору жок бирөө жазып чыгышты.

Ошондой эле “Ачык саясат” гезитинде да (№ 13 (308) Жума, 20-апрель, 2018-жыл) куш тилиндей болгон “Бир туугандык бийликтен арылбаган шордуу кыргыз” деген макала берилген. “Акаевдин үй бүлөлүк, Бакиевдердин бир туугандык бийлигинен араң кутулган эл, учурда дал ошондой бийликке дуушар болгону турат. Сооронбай Жээнбековго жол көрсөтүп жаткан бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков экени айтпаса да белгилүү болуп турат. Бул өтө өкүнүчтүү жана кейиштүү. Асылбек Жээнбеков парламентти кармаш үчүн мандатынан баш тартпай жатканы андан бетер өкүнүчтүү. Шору арылбаган кыргыздын күйүтү дагы бир топко созулат окшобойбу. Сооронбай Шарипович, “Асылбекти ишиме аралаштырбайм” дегени менен, коомчулукта башка кептер айтылууда. Асылбек Жээнбеков эмне себептен мандатынан баш тартпай жатат? Ал агасына мандатсыз деле бир топ иш жасап бермек. Анын максаты эмне? Бул суроо келечекте өлкөнүн чоң маселесине айланбаса эле болду. Сооронбай Шарипович, Асылбектин мандатын тапшыртса, элдин ишеними ого бетер артмак” деп жазат гезит бетиндеги белгисиз автор.

Атамбаевди колдогон гезит беттеринде мындай маалыматтар акыркы кездерде ат тезегин кургатпай көп чыгууда. Балким, Толгонай айымга президентти мындай каралоо иштери таасир бербей жаткандыр. Эски достору “Суслов” менен Үсөновдордун “ти кой” деген ошондой тапшырмасы бардыр деген ойго кетет экенсиң. Тамчы, тамчылап отуруп ташты жарат дейт эмеспи. Толгонай Стамалиева ушул убакыт аралыгында өз ишин билбегенин, президентти коргой албаганын ачык көрсөттү деп жыйынтык чыгарсак болот. Стамалиева азыркы күндө кадр маселесин да чече баштаганы байкалууда. Бир кезде Алмаз Үсөнов аны кызматка көтөргөн үчүн азыр да алыстай албайт. Убагында Абдил Сегизбаев А. Үсөновду өзүнүн ордуна таштап кеткени маалым. КТРдин гендиректорунун орун басары болуп жүргөн Асылбашевди өз ишине тың жигит деп айтып жүрүшкөн. Эми, анын ордуна Стамалиева СДПКнын штабында чогуу иштеген Жылдыз Жумабекова деген теле журналист (подружкасы) бар. Т. Стамалиева ТВ эмне экенин ушул кезге чейин түшүнбөйт. КТРдин башкы директору Илим Карыпбековдун орун басары кылып Жылдыз Жумабекованы алып барды. Анткени, Жылдыз Жумабекова да Алмаз Үсөновдун жердеши болот. Буга таң калуунун кереги деле жок. Үсөнов азыр Атамбаевдин жанында отуруп алып, Толгонай аркылуу Жээнбековдун айланасына өз “диверсанттарын” көтөрмөлөп, кызматтарга койдуруп жатат. Толгонай Стамалиева азыр өзүн басма сөз министриндей сезип, өз адамдарын айланасына топтоп жаткан учуру. Өкмөттүн көзгө басар, профессионал фотожурналисти С. Айылчиевди Чыңгыз Эсенгуловго, ал тургай премьер-министр Абылгазиевге чейин чалып отуруп кетирип тынды деген сөздөр айтылууда. Алмаз Үсөновдун жердеши Жумабекова КТРге кадам таштап, буту тиери менен өзүнүн оройлугу, калпыстыгынан журналист Чынара Токонованы инсульт кылып, оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырып койгону ММК беттеринде көп жазылууда. Журналист, Чынара Токонованын апасы Батма Абдразакова, “Жакшынакай жүгүрүп, чуркап иштеп жүргөн кызым инсульттун оор түрүнө кабылып, төшөктөн турбай жатса, эмне арга кылам…”- деп көз жашын төгүп, чындык издеп убара тартып, чыркырап турган учуру. Ал эми Толгонай башкаларга телефон чалып Жумабекованы колдоп койгула деп жатканы эмнеси? Журналисттердин арасындагы айтылган сөздөргө караганда Т. Стамалиева жакында КТРдин жетекчиси Илим Карыпбековду да алмаштырып, анын ордуна башта чогуу иштеген өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгуловду алып келгенге камданып калыптыр деген сөздөр айтылууда. Өмүр бою балык болуп, үнү чыкпай отурган адам, Илим Карыпбековдой КТРде реформа жасай алабы? Менимче жок!

Т. Стамалиева “Де-Факто” гезитине берген маегинде “Окуй турган кезде окуш керек. Ишке келгенде тынбай тытынып иштеш керек, өзүн-өзү өстүрүп, издениш керек, деп айтаар элем…”- деп көкүрөк кагып мактанганы менен президент Жээнбеков үчүн тытынып иштегени көрүнбөй турат. Печканын ысык табында уйкусурап жаткан мышыктай ныксырап жата турган учур эмес. Толгонайдын өзүн- өзү өстүрүп иштегени ушулбу? Жакында эле “Багыт” гезитине (№ 16 (98) , шаршемби 16-май, 2018-жыл) бир кездеги Атамбаевдин Мелис Карыбеков деген көз ачыгы берген маегинде мындай дептир. “Азыр айтат элем, Атамбаев катуу жаңылган болсо, Жээнбеков андан да катуу жаңылды. Бирөөсү бирөөсүн хан кылып алып келди. Жээнбеков жаман болсо, Атамбаев жооп берет. Жээнбеков өзүн хан кылган досун сатып кеткендей болду…” деп бул көзү ачык өзү сот болуп Жээнбековду досун саткан чыккынчы адам катары күнөөлөп жатат. Көзү ачык, Карыбеков андан ары “Жээнбеков ушул командасы менен ошондой ачылыштарды жасай алат деп ишенсек болобу? Биздин элдин “эшегине жараша тушагы” болуп жатпайбы. Биздин эл Хан таламай элбиз. Аты эле айтып турат, жада калса оюнубуз да Хан таламай. Хан таламай деген жерде көп нерсе бар. Хандын байлыгын талап кетет, ханды тебелеп өлтүрүү ж. б. Муну унутпашыбыз керек. Биз башынан ханды урматтаган эл эмеспиз. Бул биз үчүн трагедия…”- деп айтып жатат.

Парапсихолог, Атамбаевдин көз ачыгы бул сөздөрү менен эмнени каңкуулап жатат? Өткөн бийлик айласы кеткенде Сооронбай Жээнбековго көзү ачыктары менен атакага өтө башташканбы деген ой кетет экен. Мелис Карыбековдун маегин окуп жатып “Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы аракети менен өзүн жарга такап салды да…”- деп, андан ары мындай маек бериптир, ”Жээнбековду мен көрүп турам, жан дүйнөсүндө абдан кыйналып жатат. Биринчиден элдин жоопкерчилиги. Экинчиден, ал өзү президент болом деп ойлогон, кыялданган да, ал тургай даярданган да эмес. Өзү ойлобогондой эле чукул болуп кетти. Тагдыр экен, президент болуп калды. Ал эми Атамбаев көп жыл оппозицияда жүрүп, президенттикке жаманбы, жакшыбы даярданган. Жаманбы-жакшыбы, элге кызмат кылды…” деп айтып келип, бир нерсенин башын каңкуулап жатканына таң каласың. Сооронбай Жээнбеков кокусунан эле саясатка асмандан түшүп калыптырбы? Жок! Ушунча жылдар бою Сооронбай Жээнбеков досу Атамбаев үчүн ак кызмат өтөп, чын дилден иштеп, аны башкалардай сатып кетпей, чоң саясатта сүрөп жүрдү. Мелис мырза ушул салыштыруулары менен Сооронбай Жээнбековду капысынан эле, Нүзүп миңбашынын жардамы менен такка оңой эле отуруп калган Шералы ханга салыштыргысы келгендей болуп калыптыр. Президенттик биринчиден Кудайдын пешенеге жазган буйругу, экинчиден элдин колундагы колдоосу эмеспи. Пешенесине жазган экен Сооронбай Жээнбеков президент болду. Бул тагдыр, анан Кудайдын пешенеге жазганы, Жараткан Алланын мөөрү басылган буйругун жокко чыгара албайбыз. Башкача чечмелеп болбойт… Негедир, Карыпбеков түштүккө өзү бара албаган Атамбаев үчүн Сооронбай, Жусуп, Асилбек Жээнбековдор тикесинен туруп, кадыр-баркы байпакка түшүп калган Алмаз досу үчүн көп добуш алып берип убагында президент кылган адам. Аны Мелис мырза негедир айткысы келбейт. Андан ары Мелис Карыпбеков, “Бирок, Жээнбеков Атамбаеви жок мамлекетти жакшы башкара албайт…”- деп маек бериптир. Көзү ачыктын ою боюнча Атамбаевдин өзү, командасынын коррупциялык иштерине көз жумду кылып коюусу керекпи? Атамбаев жок Сооронбай Жээнбеков өлкөнү дурус эле башкарып жатат. Ага элибиз күбө болуп бере алат. Жалгыз болгону өкүндүрүп жатат. Мына ушундай көз ачыктардын туура эмес пикирлеринин баарына Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өзү айткандай “тыкылдап” жооп берип турушу керек эле. Негедир, президенттин басма сөз катчысы мокогон бычактай болуп, жип кескенге жарабай туру…

Саясый согушта бийлик башына келчү саясатчылар дайыма басма сөздү колдонуп келгени белгилүү эмеспи. Ошондой күтүүсүз согушка Жээнбековдун командасы даярбы? Ал тургай эт менен челдин ортосунда жүргөн Стамалиевага окшогон ортозар журналисттери менен президент Жээнбековду коргомок түгүл “окоптон” чыга алышпайт! Президентке ачуу чындыкты мен айтпасам ким айтмак эле. Президенттин басма сөз катчысынын кебетеси бул, бүгүнкү күндөгү президенттин коомдогу коррупциялык иштерден тазалоодогу мыкты реформалык иштерин да дурустап чагылдыра албай келет. Теледен, ММКдын беттеринен президенттин жасаган иштери боюнча Стамалиеванын өзүнүн иштөө стилиндей супсак, элдин жүрөгүн ойгото албаган материалдар гана кетүүдө. Президент Жээнбековдун жасап жаткан иштерин мыкты чагылдырган аналитика деген жокко эсе.

Азыркы учурда президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева өз ишин мыкты билбегендиктен, Сооронбай Жээнбеков Ош областын жетектеп турган кездеги анын басма сөз катчысынын деңгээлинен да өтө төмөнкү ишти алып барууда. Өлкө башчысынын ишин чагылдыруу боюнча Россиянын президенти В. Путиндин басма сөз катчысы Песковду карап иштегенди үйрөнүү керек деп айткым келип турат. Путин туурасында, туура эмес бир маалымат кетсе дароо аларга жооп берүүгө көз ачып жумганча үлгүрөт. Албетте, Толгонай Стамалиеванын өмүр баянын карап чыксаң, бир дагы ММКда маңдай терин төгүп макала жазып иштеп көрбөптүр. Журналистикада жүүнү бош Толгонай айым, Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы катары иштегени ишинде да ошондой болууда. Бул кызматка келгенден бери Толгонай Стамалиеванын иш стили эмес кийген кийими гана оңолду деп журналисттер сындаганынын чындыгы бар. Мындай темп менен кетсе президенттин командасы информациялык согушта Атамбаевдин командасынан оңой эле жеңилип калары көрүнүп турат. Президент “информациялык согушта” ийгиликке жетиш үчүн Толгонай Стамалиеваны тезинен кызматынан кетириш керек! Толгонай айым деле, эт менен челдин ортосунда жүрө бербей «Сооронбай Шарипович, сизге жакшы кызмат кыла албай жатам! Кечириңиз?» деп өз арызын жазып кетсе болмок. Андай чечкиндүү кадамга Толганай айым эч качан бара да албайт. Кетем деген күндө да “Суслов” менен Үсөнов кетирбейт го. Президентке өз ишин мыкты билген, чыныгы профессионал журналист, басма сөз катчысы керек!

Бекен НАЗАРАЛИЕВ

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: