Menu

Жол кырсыгынан 600гө жакын балдар каза болду

Бөлүшүү:

Быйыл жыл башынан бери өлкөдө 1580 жол кырсыгы катталып, алардын 331и балдардын катышуусунда болгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Автокырсыктан 167 адам каза болсо, анын 20сы балдар. Ал эми жол кырсыктарынан жалпы 2 миңден ашуун адам ар кандай жаракаттарды алып, алардын 400гө жакынын жашы жете электер түзгөн.

Ал эми өкмөттүн расмий маалыматына караганда, акыркы беш жыл аралыгында эле балдардын катышуусу менен 7 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 600гө жакын бала каза болгон. Ушул эле убакыт аралыгында жаракат алган жаш балдардын саны 8 миңден ашкан.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: