Menu

Дубайда вилла тоногон кыргыздар соттолду

Бөлүшүү:

Дубайдын Палм-Жумейр аймагындагы вилланы тоногон кыргыздар  соттун өкүмү менен 3 жылга эркинен ажыратылып, чыккандан кийин өлкөдөн чыгарылат. Бул тууралуу 18-ноябрда UAE басылмасы кабарлады.

2019-жылы февралда үч кыргызстандык түн жамынып, виллага балкон аркылуу киришип, үч сейф таап алышкан. Кылмышкерлер сейфдерди ачышып, андагы 219 миң дирхам (4 млн 168 миң сом) турган баалуу буюмдарды алып кетишип, Дубайдан учуп кетишкен.

Уурдалган буюмдарды бир аялга калтырып коюшкан. Ал аял азыр эркиндикте. Өз кезегинде ал аял 31 жаштагы киши менен байланышып, ал болсо акысына 900 доллар алып, баалуу буюмдарды Бириккен Араб Эмираттарынан чыгарып кетмек экен.

Төртүнчү кылмышкер бир аялга жолугуп, андагы буюмдарды чыгарып кетүүгө аракет кылганын мойнуна алган. Ал берки үч айыпталуучуга материалдык-техникалык жардам көрсөтүп, уурдалган буюмдарды чыгарып кетүүгө көмөк көрсөтүп келген.

Сотто кыргызстандыктар күнөөлөрүн мойнуна алышып, атайын уурулук үчүн Эмираттарга келишкенин жашырышкан эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: