Кечээ, 3-майда Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.
Ага катышкан КР Президенти Сооронбай Жээнбеков этностор аралык ынтымакты жана Кыргызстандын калкынын биримдигин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына байланыштуу Ассамблеянын бир катар мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааты менен сыйлады.
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу төрагалыктан кетип, анын ордуна Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы болуп Абдыганы Эркебаев шайланды.
Салтанаттуу иш-чарага 400дөн ашуун киши, жакынкы жана алыскы 15 чет өлкөдөн коноктор катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ