Menu

Freedom House: Кыргызстан 2016-жылы «басма сөз эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кирди

Бөлүшүү:

Эл аралык Freedom House уюмунун “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги -2016” аталыштагы жылдык докладында Кыргызстан 149-орунду ээлеп, былтыркы, 2015-жылдагы отчетто ыйгарылган “жарым–жартылай эркин басма сөзү бар” статусунан ажырап, «басма сөз эркин эмес” өлкөлөрдүн – Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттердин катарына кирди.
Борбор Азия мамлекеттеринин баардыгы “басма сөз эркин эмес” өлкөлөр категориясына киришти. Freedom House уюмунун рейтинги боюнча Түркмөнстан 198-орунда, Өзбекстан 197, Казакстан 181, Тажикстан 176, Кыргызстан 149-орундарга жайгашышты.
2015-жылы дүйнөдө басма сөз эркиндиги кескин төмөндөгөнү байкалган. Саясый, криминалдык жана террористтик күчтөр өздөрүнүн бийлик үчүн күрөшүндө массалык маалымат каражаттарынын оозун жап кылууга аракеттенишет. Евразиялык репрессивдүү режимдердин көпчүлүгү маалымат агымдарына көзөмөл жасоону андан ары тереңдетип, ар түрдүү ой жүгүртүүлөрдүн платформаларын бузуп-жарууга жетишишти.
Өткөн, 2015-жылы журналисттер үчүн уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын уурдоо, дин, талаштуу суверенитет темаларын чагылдыруу, мамлекет башчыларын жана жогорку кызматтагы чиновниктерди сындоолор өтө коркунучтуу темалардан болушту, деп айтылат Freedom House эл аралык уюмунун расмий сайтында.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: