Menu

Назира Кадыева, алып баруучу, ырчы: Мен евро, доллар эмесмин жага тургандай

Бөлүшүү:

Жайдары мүнөзү менен көп айымдарга үлгү болгон Назира көлдүн ак кууларынын бири. Анан да көп кырдуу талант. Мукам үндүү ырчы, тилинен бал тамган ди джей, тамада. Төркү коногубуз болгон Назира жумушу, жашоосу, туралуу өз ойлорун айтып берди.

-Назира саламатсызбы! Көп кырдуу талантыңдын баарын бирдей алып кетүүгө кантип жетишип жатасың?

-Саламтсыздарбы “Тамчы кабар” гезитинин жалпы окурмандары. 2015-жылы “Кыргызстан обондору”радиосунан кеткенден кийин “НТС” телеканалынын “Таң шоола” деген берүүсүнүн башкы редактору болуп эмгектенип келем. Андан сырткары “Ачыгын айтканда” деген өзүмдүн автордук берүүмдү алып чыккам. Бул телеберүүнүн максаты учурдагы социалдык көйгөйлөрдү маек аркылуу чечүү. Ушул берүүнү “Санжыра” радиосуна ди-джейлик кылып алып чыкпайсыңбы?”- деген да сунуштар түшкөн. Бирок убактым тар болгондуктан ал нерсеге жетишкен жокмун. Андан сырткары тамадалык менен да алектенип келем. Муну эми каржы табуунун дагы бир булагы катары көрөм. Элдердей “ставкам” укмуш деле жогору эмес. Өзүм карапайым жердин кызы болгондуктан элимдин чөнтөгүнө төп келген эле бааны айтып, алып барам. Элим ушундай бир күтүп келген жакшылыгын сага тапшырып, ишенип жатканынын өзү эле мага чоң бакыт тартуулайт. Азыркы учурда жашоо өзү айымдардан көп нерсени талап кылат. Бир гана жумуш менен беттеп кетпей өзүбүзгө үй-бүлөөбүзгө да убакыт табышыбыз керек. Балдарымдын тарбиясы, ден соолугу, тагдыры өзүбүзгө байланыштуу болгондуктан күрөш менен күн өткөргүң келет эмеспи. Бирок “жеңилиңди жерден, оорун колдон алган” жолдошубуз, инибиз, атабыз бар дегендей. Мына ушундай мырзалардын жашообузда бар экени кубандырат. Ал эми жеке өзүмө карасам ар бир нерсенин өзүнүн оорчулугу бар. Телеканалда иштегенде эртең менен беште туруп кетип, ошону менен кечинде келген учурлар болот. Оордугу болбой иш болбойт дегендей, мисалы”Кыргызстан обондорунда” иштегенде апам “Аа, кобурап-жобурап келип калдыңбы?”- деп калчу. Бери жактан карап турган кишиге оңой көрүнө берет. Сөздүн гүлдөрүн тандап, ар бир угармандын табитин тарта билүү да оор иш. Ал эми телеканалдын иштери андан да түйшүктүү. Майда-чүйдө нерселеринен баштап монтажы, анан ошол берүүнүн рейтинг алып келишине чейин карашың керек.

-Туура айтасыз, азыркы замандын агымы аялзатынан көп нерсени талап кылат. Жетишпей турганда турмуш -тиричиликке жолдошуңуз кол кабыш кылабы?

– Бир үй-бүлөнүн түйшүгү бирге чогуу мойнубузда болгондон кийин көп эле учурларда жолдошум кол кабыш кылат. Уландын бир жакшы сапаты бар. Бир нерсени алса кынаптап жасамайынча алымсынбайт. Мисалы, тамак жасап калганда картошкасынан өйдө бирдей кылып тегиз туурай ушундай бир чыныгы сүйүүнү кошуп жасайт. Жана айтып  коюшат го негизгиси көңүл жана сүйүү дегендей. Мен кээде бошобой калганда үй-тиричилинде чыккан  жумуштарды жасап коёт.

– Эл адамы болуунун өзү оор, Кээде дайым эле сызгычтай түз жүрүүдөн тажаган учурлар болсо керек?

– Ооба, айтканыңдай дайым эле эл алдында сызгычтай түз жүрө албайсың. Жашоо ар кандай ал-акыбалдары менен коштолуп турат. Анысы кандай, мен евро, доллар эмесмин баарына жага тургандай. Эң негизгиси адамзат кандай болуш керек деген “стандарттан” чыкпаганга аракет кылам. Эс алчу учурда эс алам, эл катары. Бирок чектен чыгып кеткен учурларым болгон эмес. Ал эми эл менен мамиледе болууда сөздүн ачыгын айтам. Бирок ошондой сапатым кээде мага тетири таасирин тийгизип калат. Дагы бир сапатым бар. Мисалы, жаңы жумушка кирип иштеп жаткан адамдарга өзүмдү элестететип эле курбудай мамиле кылам. Баардыгына: жашпы-карыбы.

-Назира Кадыева деген атты эл кубулжуган керемет үн менен тааныды. Үндү таптап машыгууларды кылып турасыңарбы?

– Мурда радиостанцияда иштегенде машыгууларды жасап турчумун. Анан телеканалда иштей баштаганда үндөн сырткары башка нерселер да биринчи орунга жылып кетет экен. Үн болсо калып-танып калат да.

– Ырчылык гана өнөргө ооп кетүүнү ойлоно элексизби? 

– Ырчылык мага абдан жагат. Жан дүйнөм жакшы нерселерди самап күңүлүм куунак болуп турганда же сагынычка батканда ыр дүйнөсүнө тартылып калам. Негизи бала кезимде эле ырдачумун. Бирок мен башка кесиптин ээсимин деп өзүмдү тыйып ырдабай жүрө берип көп убактымды өткөзүп жибериптирмин. Мен эмес менин жарымымдай болгондор деле жарнаманын жардамы менен жаркылдап жылдыз болуп жүрүшөт. Алдыда жакшы концерт берейин деген ойлорум бар. Негизи сапатка иштегенди жактыргандыктан бергенге жараша репертуарымды мыктылап иштеп чыгып туруп элдин көңүлүн чакыра алган концерт бергим келет. Эми толугу менен ырчылыкка өтүү деле менимче жакшы. Себеби алып баруучулукта 7-8 саат таканы кийип тикеден тик туруп иштейсиң. Бул айымдар үчүн оор эле. Ал эми ырчылар таарынбай эле коюшсун. Мисалы, ошончо саатта тапкан акчаны алар 10 мүнөттүк фонограмма менен таап коюшат. Мен да репертуарыма эл сүйгөн жакшы ырларды кошоюн деп пландап жүрөм.

– Чыгармачылыктан тапкан киреше чыгармачылыкка эле кетет дешет..

– Туура, менин деле тапкандарым формаларыма, ыр жаздырууга кетет.

– Эл сени жаны тынбаган эмгекчил кыз деп баалашат…

– “Жаш кезде берсин мээнетти, карыгандан берсин дөөлөттү”- дегендей, дайым аракеттеги адам утушта болоору анык. Бул мүнөзүм бала чактан бери эле бар.

– Өнөрлүү айымдардансыз. Эл билбегендери барбы?

– Темир комузда ойной алам. Буюрса комузду да өздөштүрөйүн деп жатам.

– Жумуш деп эрте кеч жүргөндө жолдошуңуз кызганбайбы?

– Жок жолдошум кызганбайт. Мен деле кызганчаак эмесмин. Экөөбүздүн ортобузда ишенич бар.

– Жолдошунуздун сиз баалаган жакшы сапаттарынан айта кетсеңиз?

– Эң негизгиси жолдошум мени баалайт. Жолдошум канатыма күч берип, алыска бийиктикке уч деген адам. Көпчүлүк айтып калат “Сен жайдары шайдоотсуң, эмнеге Улан мындай?”- деп. Негизи эле ушундай болушу керек. Анткени, мен жашоодо лидер болууну жактырам. Ошол эле учурда менден да күчтүү үстөмдүк кылып турган мырза менен эле жашап кете алат болчумун. Ал эми Уландын мүнөзү ушундай. Ошондуктан биз эриш-аркак жашап келе жатабыз. Атабыздын айтканы айткандай болот. Алдын ала баарын пландап туруп иш кылат.

– Маегиңизге рахмат.

Булак: «Тамчы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 43 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: