Menu

АКШ өзөктүк атаандаштык доору келди деп эсептейт

Бөлүшүү:

АКШ улуу державалар арасында өзөктүк атаандаштык доору кайтып келди деп эсептейт. Вашингтон Орусия менен Кытайды Кошмо Штаттардын негизги атаандашы деп атады.

Бул тууралуу АКШнын “Өзөктүк саясатка баяндамасында” (Nuclear Posture Review) айтылат.

“Өзөктүк саясатка баяндама” Барак Обама администрациясынын 2010-жылы кабыл алган доктринасын алмаштырат.

Жаңы стратегияга ылайык, Орусия жана Кытайга каршы туруу үчүн Вашингтон куралдануунун жаңы системасын инвестициялоого даяр. Анын ичинде деңиздеги Trident D5 баллилистикалык ракетасынына ядролук кубаты төмөн болгон ок тумшуктарды даярдоо, суу алдында жайгашкан Tomahawk канаттуу ракеталарын модеринизациялоо пландалууда. Стратегиянын авторлорунун пикиринде, ушундай жол менен гана Орусиянын биринчилерден болуп Европага сокуу уруу ниетинин адын алууга болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: