Menu

Экс-ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаевге издөө жарыяланды

Бөлүшүү:

ИИМдин мурдагы башчысы Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын экс-төрагасы Орозбек Опумбаев жумуш ордуларынан качып кетишкен. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Баткен облусуна иш сапары менен барган Садыр Жапаровдон жергиликтүү тургундар “5-октябрдагы митингди таркатуу учурунда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмүнө ким жооп берет?” деп сурашты.

Садыр Жапаров ал унутулбай тургандыгын жана кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталаарын айтып, буга кылмышкерлер жооп берерин айтты.

“Кылмышкерлер жооп беришет. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери изделүүдө. Милиция менен элдин кагылышуусуна күнөөлүүлөр жана буйрук бергендер жазаланат”, – деди ал.

Бишкектеги митингде каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулу 19 жашта болчу. Милиция демонстранттарды таркатуу учурунда граната анын бутуна тийип, жаш жигит өмүрү менен кош айтышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: