Menu

Коррупция жана Кой-Таш окуясы: Фарид Ниязов өзүнө карата айыптоо актысын жомок деп атады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу сот иши уланууда.

Сот айыпталуучулардын өздүгүн тактоого киришти.

Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов айыптоо актысын алгандыгын билдирди.  “Мен бир нече кагаздарды алгам. Бул жомок сыяктуу”, – деди ал.

Ошондой эле, сот 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча башка айыпталуучулардын анкеталык маалыматтарын аныктады.

Белгилей кетсек, буга чейин сот мыйзамсыз баюу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча кылмыш иштерин бириктирген. Бул иш Субихи Пархатиге байланыштуу. 2017-жылы, тергөөнүн версиясы боюнча, Алмазбек Атамбаев «Форум» ЖЧКсын сатканы үчүн андан 54 миллион сом алган. Ошондой эле Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча козголгон кылмыш ишине башка кылмыштар бириктирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: