Menu

Президенттикке аттанган талапкерлер шайлоо күрөөсүн 3-декабрь түнкү саат 24:00гө чейин төлөшү керек

Бөлүшүү:

Кезексиз президенттик шайлоого талапкерлер 1 млн өлчөмдөгү күрөөнү 3-декабрь түнкү саат 24:00гө чейин төлөшү керек. Бул туурадуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мындан тышкары, өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкерлер БШКга шайлоо фонддоруна каражаттын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө үч финансылык отчет бериши керек.

Биринчи каржылык отчет – БШКга шайлоо күрөөсүн төлөгөндүгүн тастыктаган документтерди тапшырган убакта чогуу берилиши керек. Экинчиси – добуш берүү күнүнө чейин жети күндөн кечиктирбестен – 2021-жылдын 2-январына чейин. Үчүнчү финансылык отчет – шайлоодон кийин жети күндөн кечиктирбестен – 17-январга чейин берилиши керек.

Мыйзамга ылайык, өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызмат ордуна талапкер 15 миллион сомдон ашык каражатты өз каражатынан жумшай албасы такталды. Талапкердин фонду 50 миллиондон ашпашы керек. Талапкердин шайлоо фондунун көлөмү 200 миллион сомдон ашпашы керек.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 10-январында өтө турган кезексиз президенттик шайлоого документтерди “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, белгилүү “Кыш болбойт” меминин автору Арстан Алай, экономист Кубан Чороев, активист Назарбек Нышанов жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов БШКга тапшырган. Алардын бардыгы өзүн-өзү көрсөткөндөр.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: