Menu

Эки кадам артка

Бөлүшүү:

Мансап ээлери ар качан мыйзамды өздөрүнүн пайдасы үчүн өзгөртүп келишет. Партиялык тизме менен «жепжутарларлыкка» жолду ачып да бердик. Натыйжада, арам байлыкка ээ болгондорго мыйзамды жазууга жана кабыл алууга жол ачылып, мамлекеттин жана элдин эмес, алар кабыл алган мыйзамдар бир ууч төбөлдөрдүн жана арам байлыктын ээлеринин кызыкчылыктарына кызмат кылып калды. Калктын жарды катмарынын жонун тилип байыгандар ал каражатты кайсы адал эмгеги менен топтогонун документалдуу далилдей алабы? Алардын «кирешелери каяктан, кайсы жол менен түптөлгөнү иликтенилдиби? Жок, экономикалык жактан оор кылмыш жолдору менен гана топтолгон мындай байлыктар кийин келген мансап ээлеринин колуна өтөрүн чейрек кылымдан бери көрүп-угуп келатабыз.

Партократиялык система үстөмдүк кылган жерде рейдерчилик күчтүү өнүгөрүн турмуш тастыктап берди. Орой айталы, саясий жалапчылык жогорулап, шайлоодо бир партиядан экинчи партияга кайрадан «никелешкен» «саясий бузулгандардын» саны көбөйдү. Аларга эмне болсо да мандатка ээ болуу башкы максатка айланган «айыкпас ооруга» айланганын баса айтсак болот. Алар шайлоо өнөктүгүндө элибизге «асмандагы айды алып берүүгө» да даяр экенин саймедирейт да, максатына жеткенден кийин ал убадасын аткарууга партия тарабынан макулдук берилбегендигине шылтоолоп кутулушат. Партиялар калкыбыздын наказдарын аткарууга эмес, бийликти колуна алып, бир ууч «лидерлердин» жана алардын кошоматчыларынын гана байышына шарт түзөрүнө күбө болуп келе жатпайбызбы? Ошентип, өнүгүү жолуна эмес, бир партияга кулдук урууга жасаган биринчи кадамыбыз башталган.

Партиялык башкаруу – жеке адамдардын демилгесине тушоо болорун турмуш өзү тастыктап берди. Демократиядан партократияга өтүү -депутаттардын партиянын линиясынан тышкары ишмердик аракеттерин муунтууга гана алып келүүдө. Бийликке келген партия ар качан мамлекеттик каражаттардын кандайдыр бир бөлүгүн өзүнө менчиктеп алууга ыңгайлашканы менен коркунучтуу экени тарыхтан так көрүндү. Муну тана албайбыз. Партиянын атына жамынган анын «лидери» колуна чексиз бийликти топтоп алат да, деспотко айланат. Мамлекеттин кызыкчылыгынан партиянын кызыкчылыгы жогору коюлгандыктан улам өлкөбүздүн чейрек кылым аралыгында экономикабыздын өнүкпөгөнүнө алып келди. Экономиканы өнүктүрүү эң төмөнкү деңгээлде калып, саясий ызы-чуулар менен алагды болгон мезгилди баштан кечирдик. Бул өлкөдөгү эң опурталдуу экинчи кадамыбыз болду.

Мен А.Шыкмаматовду чыгаан саясатчы катары баалайм. Анын жеке көз караштары бар. Өз пикирин тартынбай айткан жана коргой билген артыкчылыктары аркылуу элибиздин урмат-сыйына татыктуу болуп келет. Бирок бир философ айткандай аны менен көп жагынан өнөктөш катары сезсем да, партиялык тизме аркылуу шайлоо боюнча сунуштарынын айрым жактарына кошулуу мүмкүн эмес. Партия эл массасын толугу менен камтый албасын эске алсак, анда депутаттар элдин өкүлү эмес, партиянын өкүлү деп чындыкты моюнга алууга туура келет. Демек, депутаттыкка карапайым калктын уул-кыздарынын шайлануу укугу жокко чыгарылары далилдөөнү талап кылбайт.

Менимче, парламентте жалпы элдин өкүлү болуу үчүн кааласак да, каалабасак да можаритардык шайлоо системасы дагы
пайдаланылышы керек. Эгерде ЖоКеде 120 орун болсо, 60×60 болгон орундарды бөлүү нукура калыстыкка жатат. ЖоКеге тиги же бул партиялардын «лидерлери» гана эмес, элдин чыныгы өкүлдөрү да кошулган болот.

Бир маселеге көңүл буруп көрөлү. Партия аркылуу шайлангандардын бирди-жарымы эл ишенимин актабаса, аны «чакырып» алууга карапайым шайлоочулардын укугу болбосо, аны партия гана чечсе, ал бошогон орунга партиянын бир мүчөсү гана укук алса, аны кайсы бетибиз менен аларды элдин өкүлү дейбиз? Элди минтип алдоого эч кимибиздин укугубуз жок. Ал эми можаритардык жол менен шайланган депутат ишенимди актабаса, ага ишеним көргөзбөө жалпы элдин жеке укугун камсыз кылып отурбайбы! Шайлоону партократиялык система аркылуу өткөрүүдөн баш тартпай, чыныгы демократиялык мүнөздө шайлоо болбосун ачык айталы!

Булак: «13-квартал»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: