Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс Кытайдагы жаңы технологиялардын көрсөтмөсүндө канализацияга туташпастан суусуз иштеген унитаздын бет ачарын жасады. Бул жаңы технологиянын иштеп чыгуусуна Гейтстин кайрымдуулук фонду 200 миллион доллар короткон.
Унитаз катуу жана суюк таштандыларды бөлүп, атайын бөлүкчөдө сактоочу өзгөчөлүккө ээ. Гейтс бул санитардык жана гигиеналык жактан пайдалуу болорун айтууда. Бирок турмуштук колдонууга ылайыкталуусу үчүн дагы 200 миллион короторун айткан.
Фонддун маалыматына караганда, дүйнө жүзү боюнча жылына 500 миңдей жаш бала санитардык жана гигиеналык нормалардын сакталбастыгынан улам көз жумат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ