Menu

Сүйөркул Чокморов: “Ак үйдөн жоголгон Сүймөнкул инимдин эки картинасына ыйлап атам”

Бөлүшүү:

Өлкөбүздө 5-октярдан 6-октябрга караган түнү парламенттик шайлоого карата нааразы болгон эл аянтта чогулуп, акыры эски бийликти уратып, Акүйдү басып алган. Басып эле албай, ал жакты болушунча өрттөп, президенттин кабинетине чейин кирип барып, андагы буюм-тайымдарды, жадагалса баа жеткис картиналарды алып кетишкен. Анын ичинде СССРдин эл артисти, актёр, сүрөткер Сүймөнкул Чокморовдун «Ажайып табиятта кыргоол» жана «Гүлдөгөн мезгил» картиналары ушу кезге чейин дайыны жок. Сүймөнкулдун бир тууганы Сүйөркул Чокморов агабыз менен чакан маек курдук.

– Сүйөркул ага, иниңиздин эки картинасы Акүйдөн жоголуп кеткенинен кабардар болсоңуз керек?

– Ооба, баа жеткис картиналар эле. Ичим аябай ачышып, эстеген сайын ыйлап атам. Тимеле Акүйдүн тамтыгын кетиришиптир. Кимге кереги бар эле? Сүймөнкулдун картиналары Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейде илинип турчу да. Аны атайын Сооронбай Шарипович жактырып, иш бөлмөсүнүн жанына илдирген болчу. Президент инимди урматтап, чыгармачылыгын өтө жогору баалап, сыйлап, ар качандан бир качан оозунан түшүрбөй айтып келген. Алып кеткендер музейге алып келип беришсин же мага апкелсин. Жанымды коёрго жер таппай калдым…

– Бул картиналар кайсы жылдары, кандай учурда жазылган?

– Төлөмүш Океев экөө биздин айылда кыргоолдорго аңчылык кылганды жакшы көрүшчү. Айылдын төмөн жагында водозабор бар. Тегеретесине буудай, жүгөрү айдалып, аны күзгө жакын оруп-жыйуу бүткөн мезгилде кыргоолдор көбөйүп, талаадагы буудай, жүгөрүнүн дандарын терип жешчү го сыягы. Болжолумда өткөн кылымдын 70-жылдары эки картина бир мезгилде тартылган. «Ажайып табиятта кыргоолду» жарым жылга жакын тартты. Ал эми «Гүлдөгөн мезгилди» болсо эки күндүн ичинде бир дем менен тартып койду. «Цветение» картинасына айылга чукул жерде жайгашкан «Зеленхоздун» чарбасы дем берди көрүнөт. Жаздын күнү болчу. Баары гүлдөп турган. Бак-дарактар, декоративдик өсүмдүктөр ар-түркүн гүлдөр көз жоосун алып, адамзатты кайдыгер калтырбай турган мезгил болчу. Ошол жерден шаарга кетип баратып үйгө кайра келип эле сүрөт тартчу боёк-соёкторун алып жөнөп атканын көргөн жайым бар. Анан эле бир заматта чиймелеп койду.

– Сооронбай Жээнбеков иниңизге жакшы көңүл бөлгөнүн айта кеттиңиз?..

– «Эстелигин тургузабыз» деп андагы президент Атамбаев каражат жоктугун айтып, биз болсо марафон өткөрүп баштаганбыз. Ошко барганбызда Сооронбай Шарипович өтө чоң жардам кылып, бир жарым миллион сомго жакын марафондон чогулттурган. Сүймөнкулдун сүрөт көргөзмөсүнө өз алдынча келип кеткенин билет элем. Кийин 80 жылдыгында филармонияда да өзү келип аябай жакшы маанайда мени менен учурашып, көпкө чейин колумду коё бербей амандашканбыз.

– Мурдагы президент эмнесинен жазды деп ойлойсуз?

– Менимче, эл аянтка чыгып, шайлоого нааразычылыгын билдергенден кийин эле алдыга келген үч партияны шайлоого катыштырбай, «жаңы шайлоо кылам» деп койсо эле эл жыргап калмак. А так, жакшы эле президент болду. Эми мунусуна да шүгүр дейли, тынч кетти. Жалко…

– Чын эле ыйлап атасызбы?

– Ооба да. Табылып калса экен. Мага эле алып келсин. Түшүнүү менен кабыл алабыз. Ыйымды басышсын. Сооронбай Шарипович өзү марафондо Оштун мен-мен деген аткаминерлерин Султан Ибраимов атындагы театрда чогултуп, «Сүймөнкулдан эч нерсебизди аябайлы!» деген сөздөрүнүн аркасы менен көп каражат чогулган.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: