Экс-премьер-министр Темир Сариевдин “Ак Шумкар” партиясы БШКга Жогорку Кеңешке кайталап шайлоого катышуу жөнүндө билдирүү тапшырды. Саясий партиянын лидери “24.kg” маалымат агенттигине анын себебин түшүндүрдү.
Анын айтымында, кечээ, 22-октябрда алтынчы чакырылыш кайра шайлоо кампаниясын жокко чыгаруу чечими менен ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, Конституцияны бузган.
“БШК кайталап шайлоону 20-декабрга белгилөө боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алган жана биздин партия аны аткарып жатат. Азырынча БШК бул чечимди жокко чыгарган жок. Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине баш ийгендиктен билдирүү тапшырдык”, – деди Темир Сариев.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин алдында кабыл алынган мыйзамда парламенттин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү тартибин жөнгө салган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин конституциялык реформа аяктаганга чейин токтото турушу каралган. Шайлоонун даталары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен белгиленет.
Кыргыз Республикасынын аталган Мыйзамы расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ