Menu

Видео – Көпүрөдөн боюн таштаганы жаткан жанкечти милиция тарабынан куткарылды

Бөлүшүү:

24-май күнү Жалал-Абад ОИИБдин милициянын Кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын милиционерлери, милициянын старшиналары Л.Караходжаев, А.Атажанов жана Б.Рысбаевдер  кечки саат 19:00дѳ күнүмдүк жумушка кечки авто кайгуулдоо багытына бөлүнүшүп, тейлеген Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап адатынча кызмат өтөп жатышкан.

Аталган авто кайгулдоо багыты Жалал-Абад шаарынын Ж. Шерматов кѳчѳсүндө милдеттерин аткарып жүргѳн убакта, болжол менен түнкү саат 03:00 чамасында такси кызматында иштеген айдоочунун – “Сузак районунун Ынтымак айылындагы Кѳк-Арт дарыясынын кѳпүрѳсүндѳ белгисиз бир атуул ѳз ѳмүрүн кыюу максатында, Кѳк-Арт дарыясындагы кѳпүрѳдѳн сууга ѳзүн таштоого аракет жасап жатат” – деген маалымат берген. Алар көп ойлонуп турбастан ошол замат кыска мөөнөттө аталган дарекке жетип барышкан. Иш билги, тажрыйбалуу жана өз милдетин так аткарышкан кызматкерлердин ыкчам жана мыйзамдуу аракети менен өз өмүрүн тобокелге салган жаранды куткарып калышкан.

Алдын ала текшерүүдө ал Жалал-Абад шаарынын тургуну, 1981-ж.т.          Э.К. экендиги, мас абалда бул ишке баргандыгы аныкталган. Милиция кызматкерлери куткарылган атуулду үйүнѳ алып барышып, үй-бүлѳсүнѳ тапшырышкан жана болгон окуяны айтып, видео тасманы көрсөтүшкөн соң  үй-бүлөсү жана анын бир туугандары милиция кызматкерлеринин иштерине ийгилик каалап, мекенчил азаматтарга ак баталарын берип, ыраазычылыктарын билдиришкен.

Ал эми милиция кызматкерлери өз учурунда бул жөн гана алардын кызматтык милдети экендигин айтышып, кайрадан тейлеген аймагында кызмат өтөөлөрүн улантышкан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: