3-ноябрь күнү баш калаанын «Бермет Паласт» ресторанында «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын башкармалыгынын төрагасы Жолдош Бектурганов келин алып, дүңгүрөтө той берди. Тойго менменсинген үлкөндөрдүн көпчүлүгү башбакканы, өкүл аталык вазыйпа кочкорлук көпөс Дүйшөн Ирсалиевге жүктөлгөнү маалым болду. Баса, Жокебиз деле жөн киши эмес да, президент Жээнбековдун кадимки кан кудасы Алиярбек Абжалиевдин бажасынын кызын алганы, тойдо «серый кардинал» өзү баш болуп эки жаштын бактысы үчүн эл менен бирге бата тилеп кайтты. Жакшылык тойдон саясат издеп, интрига кылганыбыз жок. Болгону эки жаштын бактысын биз да тилеп, гезит аркылуу куттуктоо ыроолоп турубуз! Тоюңар тойго улансын!
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ