Нарын шаарынын тургуну, 1975-жылы туулган Алмазбек Асанбекович Исмаикулов дайынсыз жоголгону боюнча 2019-жылдын 27-июлунда апасы облустук милицияга кайрылган. Ошол күнү үйдөн чыгып кетип, кайра кайтып келген эмес.
Бою 150-155 см, кара тору, чачы кара, кыска, дене түзүлүшү олбурлуу. Көк түстөгү спорт костюм, ак футболка, бутуна кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн.
Жайдан бери дайыны чыкпай, ың-жыңсыз жоголгон Алмазбекти көргөн-билгендер болсо, төмөнкү телефон номурларга чалып коюңуздар: 102, 0777 276003, 0705 581775.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ