Menu

Өлкөдө Конституциянын түп нускасынын жоголушуна “жооптуу” адамдарды табышты

Бөлүшүү:

Президенттик аппарат Конституциянын түп нускасынын жоголушуна байланышкан баяндама таратты. Алты барактан турган маалыматта 2010-жылкы Конституциянын бирдиктүү текстине бир дагы жооптуу адам кол койбогону тууралуу айтылат. Конституциянын долбоорун даярдоого, аны талкуулоо ишин уюштурууга, жарыялоого Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев жооптуу болгону баяндалат.

Баяндамада 2010-жылкы Конституция кантип кабыл алынганын хронология түрүндө кенен көрсөтүлөт.

“2010-жылдын 19-майында Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева референдум өткөрүү жөнүндө декретке кол койгон. Ал документте кабыл алынган Конституцияны күчүнө киргизүү жөнүндө мыйзам кол коюуну талап кылбай турганы жазылган. Конституциянын текстине ким жоопкер болору аныкталбай калган”, деп белгиленет президенттик аппараттын маалыматында.

Баяндаманын аягында Конституцияга байланыштуу кетирилген кемчиликтер 11-декабрда Референдум өткөрүү жолу менен оңдолушу мүмкүндүгү айтылат.

Баш мыйзамдын түп нускасы жок экенине байланыштуу өткөн аптада талаш жаралган. Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов 2010-жылы референдумдан соң “Эркин Тоо” гезитине басылган редакция түп нуска болуп саналарын, алты жылдан бери эл гезиттеги Баш мыйзам менен жашап келгенин билдирген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: