Menu

Марс Сариев, саясый серепчи: “Атамбаев – артист. Курч сөздөрдү сүйлөп, аудиторияны тартып атат…”

Бөлүшүү:

– Марс мырза, «Марал» радиосуна берген интервьюңузда «президент сабырдуулук сапатгары менен утулуп калат. Саясатта актёрлук өнөр да керек болот» деген ойду айтыптырсыз. Саясатчы сабырдуу болбошу керекпи?

– Учурда дүйнөдө саясат өзгөрдү. Азыр саясат театр болуп калды. Ошону түшүнүш керек. Байкасаңар, Трамптын кандай жорук-жосундарды жасап жатканын. Ал эми Жээнбековдуку болсо советтер союзундагыдай эле стереотивдүү жүрүм-турум болуп атат. Текстти башын көтөрбөй окуп, атүгүл Атамбаевден да утулуп атат. Себеби, Атамбаев – артист. Канчалык кемчилиги болсо дагы курч, күлкүлүү сөздөрдү сүйлөп, аудиторияны тартып атат…

– Бирок, биз саясатчыларды 5 сындаганда «ал артист да» деп сындайбыз, «сымаптай кылтылдайт» деп доомат коёбуз. Анан олуттуу саясатчы бийликке келгенде сүйүнүшүбүз керек эле го?

– Сөзсүз эле маскаропоз болуунун кереги жок. Бирок, эң кур дегенде Атамбаевдикиндей артистизм керек. Украинанын президенти Зеленскийди, Армениянын премьер-министри Пашинянды карагыла. Баары аудиторияга иштеп жатат. Алардын фонунда биздин Орто Азиянын лидерлери, мисалы, Бердимухамедов аябай эле олдоксон кыймылдарды жасап келет. Атүгүл Назарбаев деле утулууда. Анткени, орто класс курч, күлкүлүү сөздөрдү угат, ошого муюйт.

– Зеленскийдин президент болуп шайланышы менен «азыр дүйнөдө олуттуу саясатчылардын доору бүтүп, шоумендердин мезгили келди» деп тыянак чыгарсак болобу?

– Туптуура. Муну алгачкы жолу америкалык саясый технологдор Рейгандан башташкан. Рейган «Жылдыздар согушу» деген сыяктуу дегеле жок нерселерди ойлоп чыгарган. Өзүн ковбой кылып көрсөтүп, телеэфирден «азыр үчүнчү дүйнөлүк согуш башталат» деп элдин жүрөгүн түшүрүп… Ал өзү артист болчу да. Жанагындай механизмдерди иштеп чыгуу ошондо башталган. Азыр болсо Трамп. Элиталык топтор толугу менен алмашууда. Муну Батыштагы глобалдаштыруунун архитекторлору жасап жатышат. Себеби, олуттуу саясатчыларды аренадан кетирип, шоумендерди алып келип, саясатты «балаганга» айландырса, анан алардын үстүнөн каалагандай манипуляция жасаса болот.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: