Menu

Саламат Садыкованын үч жыл мурда уурдалган акчасы эмдигиче табыла элек

Бөлүшүү:

Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты Саламат Садыкова 2014-жылы ушул күнү, 4-декабрда, ак эмгеги менен иштеп тапкан 30 миң доллар акчасын үйүнөн уурдатып жиберген. Тергөө ишин Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБи жүргүзүп келген. Бирок ууру табылбай, изи сууп калганы өкүнүчтүү.

Бул тууралуу Саламат Садыкова мындай деди:

—Уурдалган акча табылган жок, жымжырт. Убагында бир жума үйүмдү милиция басып, убактылуу гана алаксытышыптыр. Өкүнүчтүүсү—милиция биринчи эле тегерегиңдеги адамдарды, бала-чака, жакындарыңды, тааныштарыңды шекшийт экен. Өз жакындарымдын координаттарын сурап алып, аларды суракка алып, шекший беришиптир. Алардын айтканы менен боло берип, жакындарымдын алдында моралдык жактан кыйын абалга салып коюшкан.

Милициянын артынан деле сая түшпөдүм. Ал кездеги ички иштер министри Мелис Турганбаевге телефон аркылуу бир гана ирет кайрылгам. “Уурунун артынан сая түшөбүз” деген болчу. Бирок ошол боюнча табылган жок.

Ал бир бөлмө үйүмдү сатып, ичпей-жебей 4-5 жыл чогулткан каражатым болчу. Эң биринчи ден-соолук керек экен, ооруканага түшүп, чачылып барып анан оңолуп кеткем, –деди Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова.

Октябрь райондук ИИБ кызматкерлери кыргыздын булбул үндүү, сыймыктуу кызынын жок жоготконуна тиешелүү көңүл буруп, ууруну таап берген болсо, уккан кулак кубанбайт беле! Тилекке каршы, андай болбой, ууру колго түшө элек экен эмдигиче.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: