Menu

«Дөө Чыңгыздан» зыркырап корккон Азамат Ногойбаев Сокулук РИИБсин итке мингизбейби?

Бөлүшүү:

Сокулук – республикабыздагы эң ири райондордун катарына кирет. Аймагынын чоңдугу, элинин көптүгү менен айырмаланып. Дал ушул район милициянын начальнигине жарыбай койду. Жыл айланбай эле келген жетекчилер ишиндеги шалаакылыгы үчүн кызматтан алынышат. Жакында убактылуу кармоочу жайдан төрт кылмышкер качып кетип, чоң чуу чыкты. Натыйжада, РИИБнин жаңы жетекчиси катары Азамат Ногойбаев дайындалды. Бу полковник убагында ГУБОПто орун басар болуп жүрүп, жарытылуу иштей албай, анысы аз келгенсип, «Дөө Чыңгыздан» ыдык көрүп жүргөнү жалганбы? Бул боюнча «кызыл шапкечендер» кыткылыктап күлүшүп, шылдыңдап жүргөнүн кантесиңер? «Убагында Рафик Мамбеталиев менен Азамат Ногойбаевдин жүрөктөрүнүн сары суусун «Дөө Чыңгыз» алып койгон» дешүүдө. Бул боюнча дагы кенен кеп кылабыз дечи. Эми ушундай «чала кадр» бакандай болгон Сокулук РИИБсине начальник болуп, эмнени кыйратмак эле?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: