Menu

Депутаттар айлыгы аздыгына нааразы

Бөлүшүү:

Бери жагы 40-50 миң долларлык кымбат баалуу унааларды айдаган Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыктарынын өлчөмүнө коомчулукта кызыгуу чоң экени талашсыз. Көбүнесе эл өкүлдөрүнүн басымдуусу маяналарын жашырып, ачык айтышпайт.

Анткен менен арасында элдин өкүлү болгон эмгегине айына канча акы алып жатканын жашырбагандар да бар экен. Мисалы, депутат Карамат Орозова массалык маалымат каражаттарынын бирине айлыгы 25 миң сом экенин айтса, Ата Мекенчи депутат Сайдулла Нышанов 31 миң сом колуна тийээрин билдирген.

Ошондой эле Орозова эл өкүлдөрүнүн жумушу көп болгондуктан мындай сумма өтө эле аз экенин кошумчалаган.

Бирок коомчулукта парламент депутаттарынын маяналары туурасында түрдүү кептер айтылып келет. Нак акчасы 30 миңдин тегереги болгону менен аларга кошумча каражаттар дагы берилип тураары белгилүү. Мындан тышкары көпчүлүгүнүн көмүскө бизнеси бар экендигинен тышкары тигил же бул ишкердин кызыкчылыгындагы мыйзамга добуш берүүдө да “шабашка” кылары тууралуу сөздөр айтылып келет…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: