Menu

Европалык саясатчылар Трампты «Путин менен чоң келишим түзүүдө» сак болууга чакырышты

Бөлүшүү:

Европалык саясатчылардын тобу «Вашингтон пост» гезитине АКШнын шайланган президенти Дональд Трампка жолдонгон кайрылуусун жарыялашты. Анда алар Кошмо Штаттарды Орусия менен «чоң келишим» түзүүдө сак болууга чакырышты.

Каттын авторлору Орусия президенти Владимир Путин Американын союздашы жана ишенимдүү эл аралык өнөктөш эмес экенин эскертишти. Алардын баамында, Американын Путин менен келишим түзүүсү тынчтык алып келбейт. Тескерисинче, ал согуштун ыктымалдуулугун жогорулатат, анткени Путин эпке келүүнү алсыздык катары кабыл алышы мүмкүн.

«Путин европалыктардан айырмаланып Американын улуулугуна умтулган жок. Европалыктар АКШ менен жалпы баалуулуктары, жашоо образы менен байланышта», – деп билдиришти алар.

Чыгыш жана Түндүк Европа өлкөлөрүнөн чыккан 15 саясий ишмердин айтымында, Орусиянын Украинадагы абалды туруксуздаштыруу аракетинин уланып жатышы жана Крымдын аннексияланышы дүйнөгө, анын ичинде кансыз согуштан кийин америкалыктар менен европалыктардын биргелешкен жетишкендиктеринин коопсуздугуна коркунуч жаратат.

Каттын авторлору Орусияга каршы киргизилген санцияларды кыскартуу же Украинанын бөлүнүшүн таануу олуттуу ката болот деп эсептешет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: