Menu

Амангелди Муралиев, экс-өкмөт башчы: “Куру убадага алданбай, акчага сатылбай таза, билимдүү лидерлерди колдошубуз керек”

Бөлүшүү:

«Эркин Европа» радиосу 1-июлдагы таңкы чыгарылышта экс-премьер-министр Амангелди Муралиев менен маек сунуштады. Муралиев журналисттин бир топ суроолоруна жооп берди. Ал сөз арасында мындай ойлорун да камтып өттү:

Муралиев: —Алмазбек Шаршенович өзүнүн чыныгы жүзүн ачты. Элди ойлош керек да. Мамлекетти ойлош керек. Алты жыл башкарды. Биринчиден, эки жүздүүлүгүн көрсөттү. Экинчиден, өзүнүн майдачылыгын көрсөттү. Азыр бул киши өзүн абдан төмөн түшүрдү. Атамбаев – бул элибиздин катасы. Бул кырдаалдан биз келечекке карай бир жыйынтык чыгарышыбыз керек. Куру убадага алданбай, акчага сатылбай таза, билимдүү лидерлерди колдошубуз керек. Андай лидерлер бизде бар. Азыр Атамбаев элди көтөрөм десе, кылмышкерлердин катарына кошулат.

Атамбаевди колдогон эл жокко эсе. Аны эч ким ээрчибейт. Атамбаев аброюн жоготту, эл анын ким экенин билип калды. Ашып кетсе, 300-400 адам ээрчийт аны. Атамбаевдин акчасы бар, ал өзү ошого ишенет.

Азыркы окуялар бийлик үчүн өзүнчө бир экзамен болуп атат. Көп нерсе бийликтин ушул кырдаалдан кандай чыкканына жараша болот. Ушул сыноодон бийлик ийгиликтүү өтпөсө, анда элибиз кыйын абалга түшөт.

Биздин азыркы президентибиз тарбия көргөн, элди ойлогон адам. Анын сүйлөгөн сөздөрү баары туура. Бирок Атамбаев менен чогуу иштегендер азыр кызматтан бошотулган, абакта олтурушкан 5-6 эле киши эмес да. Эки жүздүү адамдар дагы эле бийлик бутактарында иштеп атышат. Андайлар орто «звенодо» дагы эле бар. Ошондуктан орто «звенону» тазалаш керек. Жаштарды алып келиш керек. Мен 20 жаштагы жаштарды эмес, 30-35 жаштагыларды айтып атам. Билимдүү жаш кадрлар бар. Ошолорду коркпой алып келиш керек мамлекеттик кызматтарга. Анан «одиозный» фигуралар бар.

Кабарчы: —Сиз ошондо Раим Матраимовду айтып жатасызбы?

Муралиев: —Ал эми элге кеңири таанылып калганы. Андан башка да адамдар бар. Ошолорго принципиалдуу мамиле жасаш керек. Ошондо эл толук колдойт Сооронбай Шариповичти. Бийлик азыр элдин колдоосуна таянып, чечкиндүү иштеши керек.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: