Menu

Москвадагы Жеңиш парадына бир нече өлкөнүн президенттери жана премьер-министрлери барбай турганын билдиришти

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын, Азербайжандын президенттери жана Армениянын өкмөт башчысы Москвада Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга барбай тургандыгын билдиришти.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов муну жакында боло турган туулган күнү менен түшүндүрдү. Түркмөнстанда 63 жаш Мухаммед пайгамбардын жашы деп саналып, бул күн жакындарынын айланасында белгиленет. Бердымухамедов Москвага барса, келгенден кийин карантин шартын сактоого мажбур болорун белгилеген. Буга чейин ММКлар президент Бердымухамедов жана өкмөт мүчөлөрү азыркыга чейин коронавирустан сактанбай жүрүшкөнүн жазды.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян парадга катышпасын 19-июнда билдирди. Ал муну өлкөдө коронавирус пандемиясынан улам оор абал түзүлгөнү менен байланыштырды.

Пашинян Путинге жазган катында: «Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал мага Москвага визит кылууга жол бербейт” деп айтылат.

18-июнда Азербайжандын президенти Илхам Алиев да парадга катышпасын кабарлаган. Анын алдында Орусиядагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Чехиянын президенти Милош Земан парадга катышуудан баш тарткан.

Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын, Молдованын, Сербиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттери парадга катышарын тастыкташкан.

Жеңиштин 75 жылдыгына карата парад Москвада 24-июнда өтөт. 11-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров парадга 12 мамлекеттин башчылары келерин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: