Menu

Икрамжан Илмиянов 7 жылга соттолду, соттук ишке баягы жандап жүргөн “атамбаевчилердин” бири да басып барган жок…

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаевдин доорунда тайраңдап, кадр саясатын каалагандай калчап келген Икрамжан Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деген айып менен былтыр 20-октябрда УКМК тарабынан колго түшүрүлгөн эле. Бир жыл бою тергөө, андан соң соттук териштирүү жүрүп келди. 30-октябрда иш кулминациялык чекитине жетип, Октябрь райондук соту Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») менен аны күнөөлүү деп тапты да, жети жылга кести. Ошону менен бирге 1600 эсептик көрсөткүчтө (160 миң сомдун тегереги) айып пул салуу менен бардык үй-мүлкүн конфискациялады. Мындан сырткары, Н.Грамович аттуу жаранга И.Илмиянов 10 млн. 397 миң 235 сом төлөп берүүгө сот милдеттендирди. Ишти караган судья Дамирбек Назаров өз өкүмүндө, «Дизель комплект» компаниясынан салыкка байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы козгогон кылмыш ишин чечип берүү үчүн Икрамжан Илмиянов 150 миң доллар сураган. Мыйзам боюнча «Дизель комплект» салыктарды жана кошумча айыптарды төлөгөн учурда кылмыш иши өзү кыскармак. Бирок, Илмиянов компания салыктарды жана айыптарды өз каалоосу менен төккөнүнө карабай, алдоо жолу менен «Дизель комплект» ишканасынан акча алган» – деп айтты. Атай кетсек, кылмыш ишиндеги негизги күбө Чыныбек Анарбек уулу «Дизель комплект» компаниясынын өкүлдөрүнөн алган каражатты «Илмияновго бергем» деп көрсөтмө берген.

Атаңдын гөрү, «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деген ушул эмеспи. «Оомал-төкмөл дүнүйө» демекчи, жигитке оомат бир келет демекчи кечээ эле Алмазбек Атамбаевден кийинки адам так ушул Икрам Илмиянов эмес беле. Мурунку ажонун үй бүлөсүнө да өз баласындай кызмат кылганы чын да. Икрамдын аркасы менен далай адам маселе чечкени да жашыруун эмес дегендей. Бирок, учурунда пайдасын көргөндөрдүн бири да Илмияновдун соттук ишине басып барбаганы кызык болду. Өзгөчө «атамбаевчилердин» карааны да көрүнгөн жок. Кечээ эле Икрамжанга кире албай эшигин сагалап, кабылдамасында тизилип тургандар неге көңүл жубатканга жарашпады? Турмуш агымы ушундай турбайбы! Баса, Икрамжан Илмиянов бийлик колунда турганда далай жерди кырып жеп, жеке менчигине баскан экен, алардын баары эми конфискация болгону турат.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: