Бишкектеги Генералдык штабдагы № 29849 аскердик бөлүмдөгү аскердеги баланы белгисиз бирөөлөр сабап кетти. Бул тууралуу бүгүн,, 9-ноябрда күч органдары журналисттерге билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, аскер бала ант бергенден кийин, ага эс алуу күн берилген. Ал достору менен кафеге барган, ошол жерден аны белгисиз бирөөлөр сабап кетип, ооруканага жеткирилген. Ал башынан жаракат алган.
Мындай окуяны Генералдык штаб тастыктады. Алардын айтымында, жабырлануучунун абалы азыр туруктуу, аны жакында дарыгерлер аскердик госпиталга которушат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ