Аялын мыкаачылык менен өлтүргөн эркек 13 жылга кесилди. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтына жарыяланды.
Алардын маалыматына караганда, бул окуя Кеминде болгон. Соттолгон киши келинчеги, эки кайниси болуп арак ичип, майрамдашкан. Кайнилери кеткенден кийин экөө уруша кетип, балтанын сабы менен күйөөсү аялын сабап, муунтуп өлтүргөн. Соттук-медициналык экспертиза каза болгон келиндин беш кабыргасы сынып, бети-башы, колу-буту көгала болуп, катуу сабалгандыгын аныктаган.
Шектүү кармалып, камалганда тергөөчүгө ачуулукка алдырып койгонун айткан. Ал балтанын жыгач сабы менен чаап салып, узун уйкуга кеткен. Эртең менен 1,5 жаштагы кызы ыйлаганынан ойногуп, аялым ойготсо ойгонгон эмес. Жанына барып төшөктү ачса бети көгала болуп, денеси муздап калган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ