1-январынан тартып күчүнө кирген кодекстер талкууга жем таштады. Аныгында кодекстер туура эле жазылган, болгону аны элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алымча-кошумча менен толуктоо кажет. Дегенибиз, аталган кодекстер мамлекет үчүн зарыл болчу. «Түкүрбө, таза бол! Жол эрежесин сактап айда, ичип алып унаа айдаба!» дегендин эмнеси жаман?
Эң кызыгы кодекстерди жазууда эксперттер ар кайдан уурдаган мыйдамдын үзүндүлөрүн чүргөмүш этип,
эл аралык уюмдар соттук-укуктук реформаны ишке ашырууну камсыз кылууга бөлгөн 13 миллион 600 миң евронун көзүн тазалаганы ММКларда айтылууда. Массалык маалымат каражаттары аркылуу элге кодекстердин маани-маңызын түшүндүрүү үчүн бөлүнгөн 3 миллион евродон дагы кабар жок. Мунун баары парламент жыйынында ашкереленди. Эми качан текшерилип, миллиондогон еврону кулкунга куйгандардын бети ачылат? Же, 13,6 миллион сврону «сугунгандар» жымыйган бойдон кала береби?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ