Menu

“Айыпсыз аякка тикенек кирбейт”

Бөлүшүү:

Кыргыз эли сөзгө чечен калк келет эмеспи. Ата-бабалар  эч качан сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болгон эмес деп айтып калышат. А бирок учурда  замандын талабы ушундайбы же биздин алган тарбиябы айтор, эл арасында  жеңил-желпи сөздөр, жаргондор көбөйүп кетти. А бүгүн биз элибизге белгилүү, белдүү адамдардын айрымдарынан эң жөнөкөй кыргыз эл макалдарынын бири “Айыпсыз аякка тикенек кирбейт” деген макалдын маанисин  сурап кайрылып көрдүк.

Жыпара Исабаева, акын:

Бул “ ак ийилет, бирок сынбайт” дегенге эле маанилеш, синоним сыяктуу кеп го. Ага жакыныраак дагы “ Алтынды дат баспайт” деген макал бар. “Айыпсыз аякка тикенек кирбейт”  айыбы жок адамга же жазыксыз ишке чаң жукпайт, жаман сөз жукпайт. Ал эл алдында ар дайым жүзү жарык болот. “Ага жаман сөз тийгизе албайсыз”  деген  мааниде. “Түштүн мойну кылдай” дегендей, эми сөздү каалагандай, ар ким өз түшүнүгүнө жараша кабылдаса болот.

Топчубек Тургуналиев, Манастаануу институтунун жетекчиси:

Бул жерде адамдын буту жөнүндө сөз болгон жок. Аллегориялык салыштырма катары аяк деп берген да. Айыпсыз адамдын аягына тикенек кирбейт дегени  күнөөсүз адамга жок жерден күнөө коюлбайт. Андай адам таза болот. Ошондуктан анын денесине дагы бейчеки тикенек кирүүсү мүмкүн эмес. Чоң маанисинде айыптуу деген адам ыймандан кетиши мүмкүн, адептүүлүктөн, адилеттүүлүктөн кетиши мүмкүн. Мен ушул триаданы биринчи орунга коем. Ушул маселелерде эгерде ыйманы таза болсо, улуу- кичүүнү сыйлаган адептүү болсо, элге, журтка  дайыма бардык маселелер боюнча адилеттүү болсо  андай адамдын бакчасына оңой менен таш ыргытып, жалаа жаап, күнөөлөй албайсың. Дегеле, бул дүйнөдө  күнөөсүз адам болбойт. Анча-мынча ката кетирсе да ошол катачылыгын мойнуна алган адам жакшы. Жыйынтыктап айтканда күнөөсүз адамга кир жукпаш керек. Күнөөсүз адамды күнөлөөнүн өзү кылмыш деп эсептейм.

Советбек Байгазиев, педогог:

Бул макалдын мааниси тереңде жатат. Ишиң ак  болсо, адал мээнетиң менен жашасаң, айлана- чөйрөгө жакшылык кылып, эч кимге зыян кылбай жашасаң, таза болсоң, жан дүйнөң аруу адам болсоң сенин жолуң ар дайым ачык болот, эч ким эч кандай жалган айып коё албайт. Күнөө койгон күндө да андай жакшы адамды бары бир эл көрүп турат. Айыпсыз адам азап чекпейт деп ойлойм. Андай адамдын бутуна тикенек кирбейт, кирсе да ал адилетсиздик. Турмуш деген татаал, жакшы адамды мүдүрүлтүп, чалынтып, каралап жиберген да учурлар кездешпей койбойт. Мындай учур көп эле кездешет. Күнөөсү жок туруп эле торго чалынып калган айрым адамдар болот. Айлана тегеректеги өзүмчүл, чагымчыл, көрө албас, интриганы сүйгөн адамдар тарабынан ошондой жакшы адам азап чегиши да мүмкүн. Бирок “ ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей, чындык, адилеттик жеңип, андай адам акыры акыйкатка жетишет. Кыскасы, адал  ак жүргөн адам  эч убакта жаманатты болбойт,  аны каралаган менен жеңе албайсың.  Анын жакшынакай касиеттери ал адамды өлтүрбөйт,  өз учурунда  эл баалап турат.

Нурбек Талантбеков,  жаш манасчы:

Эгерде түз жүрсөң, доого жыгылбасаң, бирөөгө жамандык кылбасаң, ыплас иш жасабасаң башыңа мүшкүл түшпөйт. “ Ою түз адамдын бою түз” деген сыяктуу эле  адамдын ою кандай болсо тагдыры да ошондой болот. Философиялык көз карашта  маанисине үңүлүп көрсөк чоң маани жатат. Бирок азыркы учурда  сөз кадырлаган кыргыздын кадыры кетип, көпчүлүк адамдар түз маанисинде кабыл алып “ эмне үчүн тикенек бутка кирбеши керек” деп кээкерленген учурлар да  кездешпей койбойт.  Бул нерсени  макалды чечмелеп маанисин түшүнө албаган адамдын гана  эмес, жалпы кыргыздын көйгөйү десек жаңылыштык болбойт деп ойлойм.

Турсунбек Акун, белгилүү укук коргоочу, Элдик Акыйкатчы:

Менин пикиримде бул макалдын мааниси төмөндөгүчө: Эгерде адам турмушта таза жашаса, адамдарга кыянаттык кылбаса, элге жакшылык кылып ак болсо ал адамга түрдүү балекеттер, жаманчылыктар жолобойт. Жалган жалааларга кабылбайт деген мааниде.

Уланбек Султангазиев, актёр:

Макалдын өзү айтып тургандай айыпсыз  ( күнөөсүз) адамга эч балээ болбойт. Негизинен кыргыз эли макалга бай келет эмеспи, биз аларды тике мааниде эмес,  өтмө, кыйыр мааниде түшүнүүбүз керек. Айыпсыз адамды жок жерден айыптай албайбыз да. Бул макал ошого карата айтылган.

Алмазбек кызы Шарипа

Булак: Асман плюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: