Menu

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында коомдук транспорттор иштеп баштайт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында коомдук транспорттор иштей баштайт. Бул шаардык штабдын чечими менен кабыл алынды.

Транспорттун токтотулушу шаардык штаб тарабынан коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы туруу максатында кабыл алынган.

Кечээ, 28-июлда Каракол шаарынын ыкчам штабында төрага Адыл Каниметовдун демилгеси менен шаар ичинде коомдук транспорттун ишин калыбына келтирүү маселеси көтөрүлдү. Көпчүлүк бул демилгени колдошту, бирок коомдук транспортто бет кап режимин сактоо шарты менен. Штабдын чечиминин аткарылышын контролдоо Каракол муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуучу автобазанын жетекчилигине жана транспорт айдоочуларына (мэриянын атайын көзөмөлү менен) жүктөлгөн.

«Адамдар көп жерлерде, коомдук транспортто же дүкөндөрдө бет капты кийүү адамды вирустан коргой тургандыгын билүү маанилүү. Каракол шаарынын мэриясы шаар тургундарын бет кап режимин сактоого, алардын ден-соолугуна жана айланасындагылардын ден-соолугуна зыян келтирбөөгө үндөйт», – деп айтылат билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: