“Манас” аэропортунда Кытайда жайылып жаткан коронавирус илдетине байланыштуу Үрүмчиден учуп келген адамдарды санитардык-карантиндик көзөмөл пункттун адистери текшерүүдө. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, 23-январдан 1-февралга чейин Үрүмчи – Бишкек – Үрүмчи каттамы Кытайдагы Жаңы жыл майрамына байланыштуу убактылуу токтойт.
Белгилей кетсек, декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул коронавирустун жаңы түрү – 2019-nCoV деп алдын ала маалыматтарда айтылган.
Бүгүнкү күндө аталган вирус Кытай мамлекетинен тышкары да жайылууда. Тайванда, Түштүк Кореяда, АШ, Тайланд, Гонконг жана Австралиянын аймагында вирусту жугузуп алган учурлар катталган.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытайдан тараган коронавирустун пайда болушун жана аны менен күрөшүү жолдорун табуу үчүн чакырык таштады.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ