Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-майда өлкө Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Тайырбек Сарпашев 2016-жылы өтө турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кезектеги шайлоолорго жана 2017-жылдагы президенттик шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлүк өнөктөр менен биргеликте мамлекеттик каттоо системасын жана Кыргызстан калкын документтештирүүнү өркүндөтүү боюнча план ченемдүү иштер жүргүзүлүп жатканы тууралу маалымат берди.
Атамбаевдин айтымында, калкты каттоо жана эсепке алуунун так жана заманбап системасы болгондо гана ар кайсы чөйрөлөрдө мамлекеттик саясаттын орчундуу багыттарынын натыйжалуулугу камсыз болот.
Мамлекет башчысы аталган мекеменин коррупция менен күрөшүү, таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ