Menu

Өлкө бийлиги Кытайга каршы маанайга кабатыр

Бөлүшүү:

Акыркы эки айдан бери өлкөдө Кытайга каршы маанай күч алды. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай мамилесин бузгусу келген күчтөр жазаланарын эскертти.

2018-жылдын декабрь айынан тарта өлкөдө эки жолу мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгарууну талап кылган митинг өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-кытай алакасындагы соңку жагдай боюнча 9-январда, Чүй облусунун Сокулук районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда пикирин билдирди.

​- Көрүп жатасыңар, кыргыз-кытай мамилесин да саясатташтырып жатышат. Мындай болбошу керек. Кытай мамлекети – биздин коңшубуз. Ата-бабабыз «алыскы туугандан жакынкы коңшу менен жакшы бол» деп айтып кеткен. Алар бизге ошондой мамиле кылып жатышат, гранттарды берип жатышат. Насыяларды каалашынча берип жатышат. Алар берген насыяларды кандай иштетиш керек? Бул биздин мамлекеттин ички маселеси. Ал биздин аткаминерлердин, биздин мамлекеттик бийликте отургандардын маселеси. Бизге насыя берип жатканы үчүн аларга рахмат айтышыбыз керек. Бул маселе биздин көзөмөлдө. Биз кантип эле ушул маселени таштап коелу? Кирген-чыккандын баары көзөмөлдө. Иштеп жатабыз. Муну баарыбыз билебиз. Бул – ички күчтөрдүн маселени атайын саясатташтырып, мамилени бузуу аракети. Сырткы күчтөр кимдер экенин билбейм, бирок ички күчтөр кимдер экенин билем. Алар ушуну менен бир нерсе кылабыз деп ойлошпосун! Баарын жоопко тартабыз. Мамлекетте мыйзам, бийлик иштейт. Биздин корко турган эч нерсебиз жок. Урматтуу агайын-туугандар, баарына чара көрөбүз, камтама болбогула, бул маселени ордуна коебуз. Органдар иштеп жатат, иштебеген, тартип бузууга жол берген органдар жооп берет.

Бул арада биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкекте Өкмөт үйүндө журналисттерди чогултуп, Кыргызстандагы кытай жарандарына байланыштуу басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда ар кандай такталбаган чуулгандуу маалыматтар социалдык тармактар, мессенжерлер аркылуу тарап жатканын белгиледи:

​- Мына, «Вотсаптан» биздин кээ бир жарандар «17-январда Кыргызстандын ар бир жараны, митингге чыккыла» деген чакырууларды жиберип жатат. Бул жерде «эгер Кыргызстан Кытайга карызын бере албай калса, анда жерин берүүгө туура келет» деп жазышыптыр. Муну эки тараптуу келишимди окубаган, билбеген адамдар жазып жатышат. Келишимде андай деп көрсөтүлгөн эмес, андай маселе жок. Же болбосо коомдук тартипти бузуп, маселени өрчүтүп, эки өлкөнүн мамилесин бузууну көздөгөн адамдардын колунан келиши мүмкүн. Бул боюнча атайын кызмат иштеп жатат, буюрса аныктайбыз.

Өткөн жылдын этегинде «Кыргыз чоролору» уюмунун өкүлдөрү Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин алдына нааразылык акциясын уюштурган жана анда да мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарын чыгаруу талабы коюлган. Ошондой эле алар Кытайдын Шиңжаң аймагында «тарбиялоочу лагерлерде» кармалып турган кыргыздар боюнча түшүндүрмө берилишин талап кылышкан.

Былтыр Кыргызстанга 35 миңден ашуун (35 миң 215) кытай жараны келип, 34 миң 436сы кайра чыккан. Мамлекеттик каттоо кызматында 25 миңге жакын кытай жараны каттоодо турат. Алардын 25ине өлкөдө жашоого уруксат берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: