Menu

ИИМдин кызматкерлери Красная-речка айылындагы ата-энелеринен кароосуз калган жетимдердин жана майыптардын  мектеп-интернатына барып келишти

Бөлүшүү:

2019-жылдын 14-январь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин  орун басары Курсан Асанов Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук  аппаратынын кызматкерлери менен бирдикте Красная-речка айылында  жайгашкан ата-энелеринен кароосуз калган жетимдердин жана майыптардын
мектеп-интернатына барып келишти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2019-жылы Красная-речкадагы мектеп интернатына ИИМдин кызматкерлеринин  жетекчилик кылганына 24 жыл толот.

Бүгүнкү күнү Красная- речка мектеп-интернатында мектеп курагындагы 150  бала тарбияланат. Ички иштер министрлиги ар убак көңүл бурууну жана  камкордукту талап кылган балдарга окуудагы, тамак-аш жана тарбия жактан  көйгөйлөр бардыгына түшүнүү менен мамиле кылат.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов  жана ИИМдин кызматкерлери баардык балдарды Жаңы-жылы менен куттукташты.  Ушундай иш-чаралар жагымдуу салтка айланып, пландалган акциялар менен  майрамдардан сырткары дагы өткөрүлүп турат. Баардык чогултулган
материалдык каражаттарга жаңы-жылдык белектер, азык-түлүк продуктулары,  кир жуучу каражаттар, сыналгы жана ДВД плеер менен кошо кеңсе товарлар  катарында жалпы суммасы 194 миң сомго сатылып алынып, интернаттын директоруна өткөрүлүп берилди.

“Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин жана өздүк курамынын, ошондой эле жеке өзүмдүн атыман  сиздерди жаңы-жылыңар менен куттуктап,  бекем ден соолук, окууңарда, спортто жана башка жаңы ачылыштарда  ийгиликтер коштоп жүрө беришин каалап кетүүгө уруксат бериңиздер. Баардык жамандыктар өткөн жыл менен калсын, Жаңы-жыл сиздерге бир гана бактылуулукту алып келсин”,-деп Курсан Асанов куттуктады.

Өз кезегинде ИИМдин жетекчилиги менен милиция кызматкерлери жаңы-жыл маалында мектеп-интернатынын балдарына арнашкан кубанычтуу жана бактылуу көз ирмемдер алардын жаң дүйнөсүнө жылуулук тартуулап, татаал учурларда туура тандоо жасоого жана жашоосунда туура жолдон адашпоого жардам берет деген үмүттө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: