Ош шаарында эркек киши сегиз жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, ал киши кармалган. Окуя 2020-жылдын 4-мартында Оштун көчөлөрүнүн биринде болгон. Шектүү кыздын шымын жана ич кийимин чечип, ыплас ишти жасоого аракет кылган. Ал эми мунун баардыгы көчөдө орнотулган байкоо камерасына түшүп калган.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 165-беренесинин (Ыплас аракеттер) негизинде кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө иштери аяктап, материалдар Ош шаардык сотунун кароосуна жөнөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ