Menu

Фото – Ош шаарынын мэри балдар үйүнөн кабар алып, балдар үйүндө тарбияланып жаткан 5 бир тууганга батир белек кылмай болду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 1-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 21 бала тарбияланып жаткан “Боорукердик” үй-интернатынан кабар алды. Шаар башчысы балдарга кийим-кече, таттууларды, баалуу белектерди тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, сыналгы белек кылып, бийге жана ырга шыктуу балдардын талантын өркүндөтүүгө салым кошуу максатында музыкалык аппарат алып келип берүү тапшырмасын берди.

Шаар башчысы демөөрчүлөр менен биргеликте үй-интернатында тарбияланып жаткан 5 бир тууганга шаарда курулуп жаткан элиталык үйлөрдүн биринен батир белекке бере тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, 5 бир туугандын апасы 2013-жылга чейин балдарын өзү тарбиялап, ошол жылы турмуштун оор шартына байланыштуу “Боорукердик” үй-интернатына тапшырган. Балдардын апасы Снежана 2018- жылы каза болгон.

Ошондой эле, аталган балдар үйүнө демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы имарат курулууда.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: