Menu

24-апрелге белгиленген Стамбул-Бишкек каттамына авиабилет 187 евро турат

Бөлүшүү:

Стамбул—Бишкек каттамы 24-апрелде саат 04:50гө пландалган, ал эми билеттер 187 еврого бааланып, тизме боюнча сатылат. Бул тууралуу кечээ, 21-апрелде Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги билдирди.

Кыргызстанга учууну каалаган жарандардын тизмеси элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдук тарабынан март айынан бери түзүлүп келет. Бул рейс, биринчи кезекте, дарыланууга учкан адамдарды, балдары бар аялдарды, карыларды алып келүүгө багытталган. Арыз менен кайрылган адамдар хронологиялык тартипте каралат.

Түркиянын 31 шаарынын ортосунда автомобиль байланышы токтотулуп жана 23-26-апрель күндөрү бул шаарларга кирүүгө тыюу салынгандыктан элчилик жергиликтүү бийлик органдарына кыргызстандыктарга Анкара, Анталья, Аланья, Измир, Кастамону, Карабүк, Кайсери, Конья, Кыршехир, Невшехир шаарларынан Стамбулга келүүгө уруксат берүү боюнча кайрылган.

Элчилик тизмеге кирген кыргызстандыктарга уруксат алуу процессин тездетүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарына автоунаанын номери жана айдоочулук күбөлүгү менен кайрылууну сунуштайт. Бул маалыматты [email protected] электрондук дарегине жөнөтүү керек.

Ал эми жарандар аэропортко учууга 4 саат калганда баруу керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: