Menu

Жалал-Абад: Үйүнүн дубалдары бузулгандарга компенсация төлөнө баштады

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүүгө байланыштуу көчө жактагы дубалдары бузулган үй-бүлөлөр алдын ала түзүлгөн келишимдер боюнча жергиликттүү бюджеттен компенсацияларын ала башташты. Бул тууралуу шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин жетекчиси Болот Жусупбеков билдирди.

Анын айтымында, борбордук көчөдө орун алган 38 үйдүн дубалдары бузулду, ал эми алдын ала түзүлгөн келишимдер боюнча 29 үй-бүлөгө компенсациялар төлөнүп берилип жатат. Бүгүн алгачкы 4 үй-бүлөнүн эсеп-номерлерине аларга таандык болгон 635 миң сом которулуп берилди. Ал эми калган үй-бүлөлөргө да ушундай эле компенсациялар которулуп берилет.

Эске сала кетсек, өткөн жылы шаар борборундагы жол коопсуздугуна зыян келтирген унаа тыгындарын жана жолдогу башаламан кыймылды жоюу максатында шаар бийликтери борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүү иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада, шаар борборунда тартип жана жол коопсуздугу орун алган. Эми быйылкы жылы Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн экинчи этабы ишке ашырылып жатат. Ага шаар бюджетинен 11 миллион 750 миң сом каражат бөлүнгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: