2018-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын МУКК Европадан Борбордук Азия өлкөлөрүнө психотроптук заттарды ташуу жана сатуу боюнча туруктуу транспорттук каналдарын түзгөн, баңги сатуучу топтун трансчекаралык кылмыштуу иш-аракеттерин алдын алды.
Жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Кыргыз Республикасынын аймагында «экстази» ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды мыйзамсыз алып жүргөн, баңги заттарды сатуу каналынын уюштуруучусу, координатору жана сатуучулары кармалды.
Бул факт боюнча КР МУКК Башкы тергөө башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (Банги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү жана берүү) боюнча кылмыш ишин козгоду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ