Menu

Фото – Бишкек шаардык ЖЭБдеги штаттан тышкаркы кырдаалдын жаралыш себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясы түзүлдү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы астында Бишкек шаардык ЖЭБдеги штаттан тышкаркы абалдын жаралыш себептерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиясы түзүлдү. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кол койгон.

Документке ылайык, ведомстволор аралык комиссияга бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык ЖЭБде 2018-жылдын январь айында орун алган штаттан тышкаркы абалдын жаралыш себептерин аныктоо тапшырылды.

Ведомство аралык комиссиянын талдоосунун негизинде  2017/2018-жылкы жылытуу мезгилин туруктуу жыйынтыктоо боюнча кечиктирилгис чаралардын тизмесин түзүү; республиканын жылуулук менен камсыздоо ишинин туруктуулугун жогорулатуу жана мындан ары ушул сыяктуу кырдаалдарга жол бербөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;

Бишкек шаарынын ЖЭБинде орун алган штаттан тышкаркы кырдаалдын пайда болушуна күнөөлүү адамдарга карата белгиленген тартипте чара көрүү жөнүндө сунуштарды киргизүү; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 31-январындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары айткан сунуштарга талдоо жүргүзүү жана аларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу зарыл.

Мындан тышкары, буйрукка ылайык, ведомстволор аралык комиссияга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, акционердик коомдордун жооптуу кызматкерлерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле анын ишине зарыл болгон материалдарды сурап алууга укук берилет.

Ведомстволор аралык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирген:

Аскарбек Шадиев Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Канатбек Муратбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.

Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:

Азамат Арапбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “КСДП” фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча);
Экмат Байбакпаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика – Ата-Журт” фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча);
Асылбек уулу Дамирбек Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргызстан” фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча);
Зиядин Жамалдинов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча);
Бакирдин Субанбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир Бол” фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча);
Эмиль Токтошев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата Мекен” фракциясындагы депутаты (макулдашуу боюнча);
Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Талантбек Батыралиев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Уланбек Рыскулов Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Дуйшөнбек Чоткараев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Коррупцияга каршы кызматтын директору;
Бахтияр Салиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Таалайбек Нурбашев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Ренат Тулебердиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;
Адилет Акматалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы;
Баатыр Талканбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын энергетикалык коопсуздук башкармалыгынын начальниги;
Алайбек Обозов Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун директору;
Шавкат Мавлянбеков Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илимий-изилдөө институтунун бөлүмүнүн башчысы;
Михаил Курганов “Бишкек жылуулук тармагы” ачык акционердик коомунун башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Юлдуз Залялов көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Алимбек Абдылдаев көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Николай Кравцов көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Сергей Бочко көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Автандил Калмамбетов көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Лев Васильев көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Мирбек Батаканов көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).

Белгилесек, бүгүн, 5-февралда, көрсөтүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын биринчи кеңешмеси болуп өттү, анын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ЖЭБинде орун алган штаттан тышкаркы кырдаалдын пайда болуу себептери тууралуу маалымат талкууланган.

Биринчи вице-премьер-министр, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы Аскарбек Шадиев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспепкцияга ушул жуманын соңуна дейре Бишкек шаарынын ЖЭБинде орун алган штаттан тышкаркы кырдаалдын пайда болуу себептеринин алдын ала талдоосун даярдоону тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: