АКШнын президенти Дональд Трамп соцтармактарды жөнгө салуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Документтин тексти Ак үйдүн сайтына жарыяланды.
https://twitter.com/realDonaldTrump/status/1266166078260097029?s=20
Бул жарлык менен 1996-жылы кабыл алынган соцтармактарды колдонуучулар жарыялаган контенттен улам кылмыш жоопкерчилигине тартуудан коргогон ЖМКлардын адептүүлүгү тууралуу мыйзамдын 230-беренеси өзгөрүшү мүмкүн. Бул мыйзам социалдык түйүндөрдү жоопкерчиликтен бошотуп, аны “аянтча” катары карап келген.
Трамптын атайын жарлыгы менен жарыяланган контентти – билдирүү, фото, видео жана комментарийлерди модерациялоо мүмкүнчүлүгү да чектелет.
Трамптын айтымында, жарлыктын максаты – демократия жана өз оюн эркин билдирүү эркиндигин коргоо болуп эсептелет. Анын пикиринде, онлайн-платформалар кайсы бир окуяны талкуулоодо “көзөмөлсүз” бийликке ээ болуп алышкан.
Документте Twitter жарыяланган билдирүүлөргө тандалма түрдө эскертүү берүү менен саясий калыссыздыгын чагылдырып жатканы өзүнчө белгиленген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ