Menu

Чыңгыз Айдарбеков кытайларга каршы митингдин аркасында ким тураарын билебиз деди

Бөлүшүү:

Учурда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргыз өлкөсүндө расмий иш сапары менен жүрөт. Ал кечээ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушуп, маалымат жыйын өткөрдү. Өз сөзүндө биздин ТИМ министри кытайларга каршы митингдин аркасында ким турганы бийликке маалым экендигин, мындай нерселер Кыргыз-Кытай достук мамилесин буза албай тургандыгын айтты. Министр Айдарбеков Кытай Кыргызстандын Эл аралык деңгээлдеги өнөктөшү баса белгилеп келип: «Жакында Кытайдын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келүүсү күтүлүүдө. Биз Кытай менен баардык багытта иштешүүнү улантабыз»-деди ал. Кесиптешинин сөзүн кубаттаган Сергей Лавров: «Бир гана кытайларга эмес, Россияга деле ушинтип каршы чыккандар бар. Биздин өнөктөштөр салтка айланган достукту улантууга дайыма кызыктар болот деп ишенем» – деп айтты Сергей Лавров. Мындан сырткары дипломаттар Россия менен Кыргызстан энергетика системасынан баштап баардык сферада иштешүү ниети бар экенин кошумчалады.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: