“Шайлоодон өткөндөрдүн 70% буга чейинки эле депутаттар кайра тандалышты. Өзүңөр ушундай чечтиңер!”. Бул тууралуу ырчы Анжелика Кайратовна Инстаграм баракчасына жазып чыкты.
“Шайлоодон өткөндөрдүн 70% буга чейинки эле депутаттар кайра тандалышты. Өзүңөр ушундай чечтиңер! А бирок, добушту кыргыз элинин жарымы эле берди. “Республика”, “Замандаш”, “Ата-Мекен”, “Мекенчил”, “Бир бол” партияларынан кандай гана сонун программалар чечилчү жолдору менен айтылган эле. Мен суранам. Саламаттыкты сактоо, билим министрлигине жакшы көңүл керек. Туура система менен иштеп, шаарыбызды таштанды, кирден тазалоодон баштагыла. Өзүңөрдү сыйласаңар- жок дегенде отурган жериңердин чаңын арчып, мамлекеттин, элдин акчасына алынган буюмдарды аёоо мамиле менен колдонгула. Мен ЖК барганда колонканы дубалга кагып койбостон, кондиционерге коюп колдонушканын, дубалдарындагы кирлерди көрүп, өлкө акыбалы ушундай турбайбы деп кеткем. Кудайым элибизди колдоп, тандалган депутаттардын жүрөгүнө ыйман берсин. Тынчтык митинги тынч өтсүн“, – деди ырчы айым.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ