Menu

КР ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизат сатууну көздөгөн жаранды колго түшүрүштү

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматы тарабынан баңгизаттарды сатуу менен алектенгендерди аныктоо жана алардын мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу боюнча операция өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда ИИМ БМЖККК басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн атайын ыкчам иликтөө жана тергөө иш чаралардын натыйжасында 1-ноябрь күнү болжол менен саат 17:00 чамаларында  Чүй облусунун “Сосновка” постунан  шектүү катары 1994 ж.т., Ы уулу Б., кармалып, ага өздүк тинтүү жүргүзүү учурунда жанынан 700 граммды түзгөн зат табылып алынган.

Соттук химиялык изилдөөнүн корутундусунун негизинде алынган каражат “гашиш” баңгизаты деп аныкталган.

КРнын КЖКнын 267 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренеси менен көрсөтүлгөн белгилер менен сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек  700 грамм гашиш болжол менен 2 800 дозанын түзүп, кармалган баңгизаттардын партиясы  көмүскө базарына кирип кетсе,  республика аймагындагы үч миңге жакын жаштар баңгизаттарга көз каранды болуп калмак.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: