Menu

Медетхан Шеримкулов: «Президенттин аппаратынын айрым кызматкерлеринин биз “фейк”, “ушак” маалыматтарга жооп бербейбиз деп кол шилтеп койгондору тайкылык болот»

Бөлүшүү:

2018-жылдын 20-ноябрындагы президент С.Ш.Жээнбековдун Жогорку Кеңештин экс-спикерлери жана Өкмөттүн экс-премьерлери менен жолугушууда болгон жыйында сүйлөгөн сөзү.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Пайгамбар жашына келген кутман курак кут болсун! Мен сизге ак дилимден бардык жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын мезгилиндеги парламенттин төрагалары, өлкөбүздүн Өкмөт башчылары биринчи ирет тегерек үстөлдө ийри отуруп, түз кеңешип, ортого ой салган, келечек үчүн кеп курууга үмүт менен ушул жерде жолугуп олтурабыз.

Бул жыйынга катышып отурган ар бир инсандын өлкөбүз үчүн өтөгөн жемиштүү иштери, киргизген салымдары, сыйга татыктуу өмүрү бар. Алардын ак эмгеги элибиздин арасында сыймыкка татыктуу үлгү болсун, ал эми алардын кетирген кемчиликтери, мамлекетке тийгизген залакалары келечекте кайталанбай турган сабак болсун.

Республикабыздын көз карандысыздык мезгилиндеги жыйырма жети жыл – бул ар бир адамдын өмүрүндө мерчемдүү мезгил, кайталангыс убакыт. Бул убакыттын арасында өлкөбүз ар түркүн экономикалык, саясый, социалдык оор чыйырлардан жана сыноолордон өтүп, ички жана тышкы душмандардын көрө албастыктардын, бизди келекелеп, табалары канып, Кыргызстан мамлекет болбой калды, түндүгүн башка мамлекетке берип коюш керек деп оракулдук кылгандардын жосунсуз ой-тилектери ишке ашпады.

Ар түркүн кыйынчылыктарга карабай, акылман элибиз мамлекеттин стабилдүүлүгүн, элибиздин биримдигин көмкөрүлтпөй, чайпалтпай сактап кала алды. Бирок, ошол эле жыйырма жети жылдын ичинде биздин мамлекет жетекчилигинин зөөкүрлүгүнөн, мамлекеттин бийлик бутактарынын алсыздыгынан, биримдикте иштөөнүн жоктугунан, мамлекеттүүлүк жана мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, аны көздүн карегиндей сактоо керек деген түшүнүк жеке үй-бүлөлүк кызыкчылык менен айырбашталып кеткендиктен, республикабыз индустриялык-агрардык өлкөдөн түбү түшкөн агрардык регионго айланып, алигиче экономикабыз рахит оорусу бар жаш баладай араң тамтаңдап басып келе жатабыз.

Башка көрсөткүчтөрдү эске албаганда да, ички дүң продукция өнүмү жагынан (ВВП) Кыргызстан мурдагы союздук республикалардын ичинен эң акыркы орундарда келе жатат.

Менин сунушум: Мамлекетти илең-салаң башкаруудан чыгарып, өлкөбүздүн стабилдүүлүгүн чыңдап, экономикалык кубаттуулугун көтөрүү үчүн 2019-жылы Конституциялык реформа өткөрүү керек.

Элдин ой-пикирин угуп, эл менен кеңешип, мамлекетти башкаруунун формасын тактап, президенттик, же болбосо парламенттик бийликтин формасына толук өтүп, ар бир бийлик бутактарынын эл алдындагы жоопкерчилигин тастыктап, аныктап, стабилдүү башкарууга өтүшүбүз керек.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого Конституциянын негизинде, такталган бийлик бутактарынын функцияларынын негизинде келишибиз керек, анда парламенттин орду жана ролу, депутаттардын саны жана сапаты, жана башкалар тастыкталышы керек. Мен бул оюмду 2015-жылдан бери ар кайсыл массалык-маалымат каражаттарында, ар кайсы саясый аянтчаларда айтып келе жатам.

Урматтуу Президент!

Коррупцияга каршы кийинки мезгилде республикада жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер эл тарабынан колдоого алынып, айрымдары жакшы үмүт жаратууда. Мурдагы Өкмөт башчылары болуп ондон ашык чиновниктердин жоопко тартыла башташы эл арасында коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштүн биринчи кадамдары катары кабыл алынууда. Бирок, алардын көпчүлүгү негизинен бир иш, ТЭЦтеги (ЖЭБ) мыйзам бузуулардын тегерегинде жүрүп жатат. Жакында бул маселе боюнча сот иштери башталды. Соттун жүрүшүндө улам жаңы фамилиялар айтыла баштайт.

Менин сунушум: Сооронбай Шарипович, сиз өзүңүз премьер-министр болуп турган мезгилдеги ТЭЦ боюнча жүргүзгөн иштериңизди ММК аркылуу элге ачык түшүндүрүп коюшуңуз керек. Эл андай кадамдарыңызды туура кабыл алат жана сизге болгон ишеним артат. Элибиз ачык айткандай, туура сүйлөгөндү жогору баалайт.

Акыркы мезгилде ММКда чуу көтөрүп, ар түркүн айың сөздөрдү жаратып жаткан президенттик шайлоо мезгилиндеги финансылык маселелер жөнүндөгү сөздөргө дагы көп созбой жооп берип коюш керек деген ойдомун.

Бул маселелерге убагында жооп берип койбосо, ойго келбеген орунсуз сөздөр көбөйө берет. “Ушак күйгүзбөсө да, көөлөп кетет” – деген улуу сөздү унутпагыла. Президенттин имиджи ушак айың сөздөрдөн алыс болуш керек.

Президенттин аппаратынын айрым кызматкерлеринин биз “фейк”, “ушак” маалыматтарга жооп бербейбиз деп кол шилтеп койгондору тайкылык болот. Американын “Уотергейти” сыяктуу, бизде “Кыргызгейттин” жыты сезиле баштаганын эске салып коёюн.

Сооронбай Шарипович! Сиз Конституциянын гарантиясы катары, 2016-жылдагы Конституциялык жобого киргизилген “Кумтөр” жөнүндөгү көрсөтмөнүн толук жана так аткарылышын жеке контролго алышыңызды өтүнөм.

Өлкөнүн келечеги өткөн күндөргө туура баа берүү менен тыгыз байланышта болот.

Бул багытта мен, Президенттин 2005–2010-жылдардагы окуяларга илимий баа бериш керек деген сөзүн туура деп эсептейм жана ага кошулам. Бирок, бул тууралыктын жарымы гана. Толук, туура баа бериш үчүн 2005–2010-жылдардагы антиконституциялык мамлекеттик төңкөрүшкө укуктук, юридикалык объективдүү баа берилиш керек.

Революция күндөрүндө курман болгон жарандардын арбагы биз үчүн өтө ыйык, алардын жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк кала берет.

Ошол, бул дүйнөдөн кайрылгыс сапарга кеткендердин өмүрүн саясый спекуляцияга айлантып, бийликке жетүү үчүн трамплин катары ушул кезге чейин пайдаланып келе жаткандар моралдык жана укуктук жазаларын алышы керек.

2005–2010-жылдардагы окуяларды терең караганда, аларды уюштургандардын максаты жеке жана үй-бүлөлүк режимди кулатуу эле эмес, бийликке өздөрүнүн келиши үчүн болгон аракет экендиги көрүнүп турат. Ошол эле 2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин бийликке жетпей калган бир ууч топ кишилер 2010-жылдагы кан төгүү менен бүткөн бийлик басып алууга алып келишти.

Убактылуу Өкмөттүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги №1 Декрети 1917-жылдагы большевиктердин биринчи декретинен айырмасы жок экендигин мен көп жылдардан бери айтып келе жатам.

Мамлекеттин көз карандысыздыгын бекем сактап, стабилдүүлүктү орнотуш үчүн мындан кийин эч кандай антиконституциялык төңкөрүштөргө, бийликти басып алып, бийликти узурпациялоого жол берилбеши керек.

Эгемендүүлүк жылдарындагы өлкөнү башкарган мурдагы президенттердин баарынын колунда кыргыздардын жана кыргызстандыктардын жууп кетиргис каны калды. Ошол колундагы калган кан үчүн алар сөзсүз эл алдында жана тарых алдында жооп бериши керек.

Эл арасында мурдагы президенттер жөнүндө “канкорлор”, “легитимсиз”, “неадекват” деген терс ой-пикирлер президент деген бийик кызматтын өзүн дискредитациялоого алып келди. Элибиз, мындан ары дагы канча президенттен жаңылат деген ой аргасыздан пайда болууда.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Америкалыктар: “Американын президенти биринчи президенттик мөөнөтүн экинчи мөөнөткө шайлануу үчүн иштейт, ал эми экинчи президенттик мөөнөтүн тарыхта калыш үчүн иштейт” деп айтышат.

Биздин Конституция боюнча президенттин экинчи мөөнөтү жок. Бирок, сиздин алдыңызда дагы беш жылдык президенттик убакыт бар. Ак ниет, абийирдүү, калыс, камкор, эл атасы болгон сый-урматка татыктуу Президент аталып, кыргыз тарыхында калыш үчүн жетиштүү мезгил бар.

Даанышман, толеранттуу элибиз, керемет кооз ыйык кыргыз жерибиз бар. Элди ойлоп, эл үчүн кам көргөн президент болсо экен деген калкыбыздын оюн, алардын көрсөткөн колдоосун актоо үчүн өмүрдү элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына арнап кызмат кылуу эң жогорку вазийпа.

Биз дагы бир жолу адашкан экенбиз деп калкыбыз жер чапчып калбасын. Элибиздин Президентке болгон ак тилеги, ишенген үмүтү – бул ирет аткарылат деген ойдомун.

Мен сизге ийгилик каалайм!

Медетхан Шеримкулов

P.S. Сөзүмдүн акырында саясый туткундар Ө.Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асановдун группасы, Бекболот Талгарбековдун группасы боюнча кабыл алынган соттун туура эмес кабыл алынган чечимдери кайрадан каралып чыгып, аларга эркиндик берилиши керек. Өмүрбек Текебаевдин кандайча туура эмес жол менен соттолгону тууралуу экс-президент А.Атамбаев өзүнүн 19-ноябрь 2018-жылдагы “Апрель” телеканалында берилген интервьюсунда мойнуна алды. Сот органдары бул ишти кайра карап чыгып, Текебаевди тез арада боштондукка чыгарыш керек.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: