Menu

Сапарга санааркагандар көп

Бөлүшүү:

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 31-июлда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду камакта калтыруу мөөнөтүн эки айга узарткан. Сот отурумунан кийин анын жактоочулары мындай чечимге каршы экенин билдирип, шаардык сотко кайрыла турганын айтышты. Жактоочуларынын бири Нурбек Токтакуновдун айтымында, ишти караган сот Айбек Эрнис уулу чечим чыгарууда далилдерге таянган жок.

«Сотто тергөө органдарынын ыкчам кызматкерлеринин биринин «Сапар Исаков үй камагына чыгарылса, чет өлкөгө качып кетиши мүмкүн» деп жазып берген каты каралып, сот ошол каттын негизинде чечим чыгарып койду. Мыйзам боюнча Исаковдун чет өлкөгө качып кете турганын далилдеген үн жазуулары же авиабилети көрсөтүлүшү керек эле. Бирок, эч кандай далилдер келтирилген жок. Биз бул чечимге каршы болуп беш күндүн аралыгында шаардык сотко кайрылабыз» деди Токтакунов.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: