Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Сагынбек Абдылдаев аталган кызматтын жетекчиси болуп дайындалды. Өкмөттүн кеңсесиндеги булактар журналисттерге билдиргендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-октябрда Абдылдаев аталган кызматтын өздүк курамы менен тааныштырылды, ал кызматына киришти.
Каржы милициясынын полковниги Сагынбек Абдылдаев 52 жашта. Финполдун органдарында ал 2007-жылы кызмат кыла баштаган. Ага чейин ал улуттук коопсуздук жана бажы органдарында кызмат өтөгөн. Эмгек жолун президенттик коопсуздук кызматында баштаган. Эки жогорку билими бар – юридикалык жана экономикалык.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурунку башчысы Бакир Таиров аталган түзүмдү 2018-жылдан бери жетектеп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ